Видео: Бишкекте жөө кишилердин өткөөлүндө студент кызды автоунаа коюп кетти

Жаш Гвардия проспектинде жөө кишилердин өткөөлүндө кетип бараткан жаш кызды автоунаа коюп кетти. Кыз башынан жаракат алып, милиция тергөө жүргүзүүдө.

Таңкы саат 8:25те S 8889 AL номерлүү «Хонда Одиссей» маркасындагы автоунаа Жаш Гвардия проспектинде жөө кишилердин өткөөлүндө кетип бараткан жаш кызды коюп кетти.

Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалайбек Бугубаев Kloop.kgге жаш кызды койдуруп кеткен айдоочу жабыркаган кызды автоунаасына отургузуп, ооруканага өзү жеткиргенин айтты.

Бугубаевдин айтымында, кыз төртүнчү шаардык оорукананын травматология пунктуна жеткирилип, ал жерден ага баш сөөктүн ичинен мээсине жабык залал келген жана жана сол шыйрагы урунган деген дарт белгиси коюлган.

«Анын алган жаракатынын оордугу аныкталмайынча, сот-медицина экспертизасы жана техникалык экспертиза өтмөйүнчө кылмыш иши козголбойт», — деди Бугубаев.

Студент кызды койдуруп кеткен автоунаа штрафтык токтотмого жеткирилди, тергөө жүрүп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: