Исаков: Патрулдук милицияны реформалоо жол коопсуздугун жакшыртат

Премьер-министр Сапар Исаков билдиргендей, Патрулдук милиция башкы башкармалыгын жоюу жаңы башкармалыкка «сапатту жаңы кызматкерлерди» алууга мүмкүндүк берет. Ал билдиргендей, жаңы мекемени түзүү «жол коопсуздугун жакшыртат».

Исаков жол коопсуздугун жакшыртууга багытталган 100 пункттан турган өкмөттүн планынын аткарылышын текшерди. Планга ылайык, эреже бузууларды аныктаган видео байкоо камералары 30-ноябрга чейин Бишкек менен Ошто орнотулушу керек.

Исаковдун айтымында, планды ишке ашыруу «акырындык менен өтүүдө»

«Мен Патрулдук милиция башкы башкармалыгын жойгон чукул кеңешме өткөрдүм (10-ноябрда — ред). Бул көрнөктү алмаштыруу эмес, бул ачык жана конкурс аркылуу сапаттуу жаңы кызматкерлерди алышыбыз үчүн биздин курал», — деп келтирди Исаковдун билдирүүсүн өкмөттүн басма сөз кызматы.  

Премьер-министр билдиргендей, жаңы мекемеде «баш ийүүнүн үстөмдүгү бекемделген» жана бул жол коопсуздугун жакшыртат.

Исаковдун айтымында, жол коопсуздугун жакшыртуу боюнча планды аткарбоо үчүн жетекчилик кызматтан кетүүдөн баштап жоопкерчилик тартат.

Бул бийликтин көз карандысыздыкка ээ болгондон бери жол милициясын реформалаган төртүнчү учур. ПМББ түзүлгөндөн тартып болгону 1 жыл 7 ай иштеген.

Жолдордогу коопсуздук

Бир нече жолу чуу жараткан жол кырсыктарынан кийин жолдордогу коопсуздук боюнча маселелер бир топ жолу жогорку деңгээлде көтөрүлгөн.

Эң эле чуу жараткан жол кырсыктарынын бири болуп, 7-октябрда Талас облусуна кетип бара жаткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү болгон. Жумакадыровдун машинасы менен КаМАЗдын сүзүшүүсүнөн улам вице-премьер-министр өзү, анын айдоочусу жана жардамчысы каза табышкан.

Жолдордогу коопсуздукту камсыздоону премьер-министр Сапар Исаков, парламенттин депутаттары, президент Алмазбек Атамбаев дагы талап кылышкан.

Бирок учурда бийлик ишке ашырган жалгыз иш-чара — бул мектеп жана бала бакчалардын жанында жаткан полицияларды орнотуу болгон.

Аткаминерлер жол кырсыктарынын санын азайтат деп айтып жатышкан жолдордогу байкоо камераларын каражаттын жоктугунан улам орното албай жатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: