Алмазбек Атамбаев өзүнүн орун басары Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү, 24-ноябрда Кыргызстандын президенттик ыйгарым укуктарын тапшырды. «Клооп» 2011-жылдагы шайлоонун алдында Атамбаев эмнелерди убада кылганын жанан алар кандай аткарылганын эстеди.
Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын декабрында шайлоочулардын 60 пайыздан ашык добуштарын алгандан кийин Кыргызстандын президенти болуп калган. Президент болуп шайланганга чейин ал эки жолу премьер-министрлик кызматты аркалаган — Роза Отунбаеванын учурунда жана 2007-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде.
Атамбаев өзүнүн шайлоо кампаниясы учурунда көптөгөн саясий убадаларды берген. Алар кандай аткарылган?
«Уюшкан кылмыштуулукту кыйратуу»
Атамбаев өзүнүн шайлоо алдындагы кампаниясы учурунда президент болуп калса күч түзүмдөрүндө реформа жүргүзүп, «уюшкан кылмыштуулукту талкалай» турганын убада кылган.
«Биз кылмыштуулукту алсыздата алдык, бирок экономика менен жарандар жеңилдеп калышы үчүн аны кыйратуу керек», — деп жазган Атамбаев 2011-жылы өзүнүн программасында.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2016-жылы кылмыш жасоолордун саны 2012-жылга салыштырмалуу дээрлик 6 пайызга азайган.
Жалпысынан 2016-жылы кылмыш жасоолор 2015-жылга караганда эки миңге аз жана 2012-жылга салыштырмалуу 1,3 миңге аз болгон. Ошондой эле, өзгөчө оор кылмыштардын саны азайган: 2016-жылы — 3993, 2012-жыл — 4099.
Кыргызстандын бийлиги 2016-жылы күч түзүмдөрүндө реформа жүргүзгөн: 12 жоюлган башкы баркармалыктын алдында алты өз алдынча кызмат түзүлгөн.
Жоюлгандардын арасында Баңгизатка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат болгон. Баңгизаттарга байланыштуу кылмыштар менен эми ИИМдин башка кызматтары алектенишүүдө.
Айрым бир укук коргоочулардын пикиринде, бул реформа үстүртөдөн жүргүзүлгөн.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова «Азаттык» үналгысына курган маегинде укук коргоо кызматкерлери реформадан кийин деле мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзгөндүн ордуна саясий буйруктар менен алектенгенди улантышып жаткандыгын айткан.
«Милиция Баш мыйзамдын талаптары мыйзамдуулук дегенди түшүнө бербейт. Алар үчүн анын тиешеси жоктой сезишет. Алар үчүн эң эле башкы нерсе — ички нускамалар жана көрсөтмөлөр. Ал тармакта мыйзамдын үстөмдүгү ошон үчүн орнобой, ошол үчүн реформа болбой жатат. Кызматтардын аталышын өзгөрткөнү менен заты өзгөрбөсө бекер да», — деген ал.
Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына чейин күч түзүмдөрүндө кайрадан өзгөрүүлөр болду. Премьер-министр Сапар Исаков патрулдук милицияны жоюп, анын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкты (ЖКККББ) түзүүнү буйруган.
Исаков жаңы мекемеде кызматкерлердин саны көбөйө турганын убады кылып, бирок «сырдуулукка» таянып, кененирээк маалыматтарды ачыктаган эмес. Азырынча Патрулдук милиция качан расмий жоюлаары белгисиз.
«Коррупцияны жок кылуу»
Президент болуп калганга чейин Атамбаев коррупцияны жок кыла турганын убада кылган.
«20 жылда түзүлгөн бул кылмыштуулуктун түрү менен күрөшүү практикасы мамлекеттик түзүмдүн беделин кетирүүдө. Акыркы жылда бажы кызматы менен салык органдарында коррупциянын азайышы жетишээрлик эмес», — деп билдирген ал өз программасында.
Атамбаевдин президенттик жылдарында Кыргызстан эл аралык Transparency International уюмунун коррупцияны кабылдоо рейтингинде чындыгында эле көтөрүлгөн. Эгерде ал 2010-жылы 178 өлкөнүн ичинен 164-орунда болгон болсо, 2016-жылы 176 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээлен. Бирок ошого карабастан учурдагы позиция Кыргызстан дагы эле коррупциясыз бийик деңгээлдеги өлкөлөрдүн катарында экенин билдирип турат.
«Кыргызстанда башкаруу системасы натыйжасыз иштейт. Инвесторлорго таза иштеш кыйын болот», — деп айткан жылдын башында «Transparency International» уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Адылбек Шаршенбаев.
Ошол эле кезде ал Кыргызстандын өкмөтү коррупцияны кабылдоо индексине кызыкдар болуп, аны жогорулатуу боюнча чараларды көрүүгө аракет кылып жатканын кошумчалаган.
«Экономикалык көз карандысыздык»
«Президенттин ишмердиги […] Кыргызстандын экономикалык көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча жумушу өкмөт менен биргеликте аткарылат», — деп убада кылган Атамбаев өз программасында. Ошол эле кезде ал мамлекеттик бюджетти толтуруу булагын издөө үчүн Кыргызстан «колун сунуп дүйнө кыдырууга мажбур болуп жатканын» эске салган.
Атамбаев бийликте отруган учурда Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү болжолдуу миллиард долларга өскөн. 2012-жылы ал 2 миллиард 602 миллион АКШ долларын түзгөн болсо, учурда тышкы карыз төрт миллиард доллардан ашкан.
Өкмөт бул нерсени 2010-жылдын июнь коогасындагы улуттар аралык жаңжалдан кийин Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү, «Датка — Кемин» электр чубалгасын өткөрүү, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушу жана башка ири инфраструктуралык долбоорлор менен түшүндүргөн.
Жолдорду куруу жана калыбына келтирүү — Кыргызстандын тышкы карызынын өсүшүнүн маанилүү себептеринин бири. Өлкө акыркы 9 жылда насыя алынган Кытайдын «Эксимбанкына» 1,1 млрд АКШ долларын карыз болуп калган. Жакынкы үч жылда өлкөнүн бюджетинен бул карызды жабууга эле 209 млн сом кетет.
Ошол эле кезде Кыргызстан эл аралык жардамдардан дагы баш тартууга үлгүрүп жатат — Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтүнүн аягында Казакстандын 100 млн доллар жардамынан баш тартты. Бул каражаттар Кыргызстанда фитосанитардык лабораторияларды курууга жумшалмак болчу.
Атамбаевдин экономикалык эгемендүүлүк боюнча программасына Кыргызстанды энергетикалык жактан көз карандысыз кылуу убадасы кирген. 2015-жылы өлкөнү бул макам менен камсыз кылган «Датка — Кемин» электр чубалгасы ачылган.
Бул электр чубалгасынын курулушуна чейин Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчеден көз каранды болчу.
«Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктары эске алынган тышкы саясат»
Тышкы саясаттагы башкы максат катары Атамбаев өзүнө Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарынын ишке ашырылышын койгон. Ал үчүн Атамбаев Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү улантып, Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилени бекемдеп, АКШ жана Европа биримдигинин өлкөлөрү менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүүнү сунуштаган. Мындан тышкары, Атамбаев учурда ЕАЭБ деп аталып калган Бажы биримдигине кошулуу багытын улантууну убада кылган.
Акыркы убада аткарылып, 2015-жылдын августунда Кыргызстан ЕАЭБге кошулган. Бирок Атамбаев өз кызматынан кетээр алдында ЕАЭБди кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөргө «көңүл коштук» боюнча айыптоо менен биримдиктин дарегине карата абдан эле катуу билдирүү жасаган.
АКШ менен болгон мамилерде бардыгы эле тегиз болгон жок — 2015-жылдын жазында Кыргызстан соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаровго Мамдепартаменттин сыйлыгы ыйгарылганына жооп катары алар менен кызматташуу боюнча келишимди үзгөн. Ошондон кийин америкалык мамкатчы Жон Керри Кыргызстанга келген — өлкөлөр эки тараптуу кызматташтыктын жаңы планын кабыл алуу боюнча келишишкен.
Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин Кыргызстан бул өлкө менен мамилесин олуттуу түрдө жакшыртуу ийгилигине жетишкен. Атамбаев жаңы президент Шавкат Мирзиёев менен эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын талаштуу жер тилкелерин аныктоо боюнча келише алышкан — бул маселе көптөгөн убакыттан бери эки республиканын мамилесине кедергесин тийгизип турган. Атамбаевдин президенттиги учурунда Тажикстан менен чектеш чек аранын 520 чакырымын дагы делимитациялоого мүмкүн болгон.
2017-жылдын күзүнө чейин Кыргызстандын Казакстан менен болгон мамилеси дагы жакшы болуп турган. Бирок президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев менен болгон жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле сууй түшкөн. Атамбаев казак бийлигин өлкөнүн байлыктарын «уурдоо» боюнча айыптап, ал эми казак президентине анын өлкөсүнө жаш президент керектигин кыйыткан.
Ошондон кийин Кыргызстан менен Казакстандын чек араларында кырдаал күрчуп кеткен — казак чек арачылары жарандар менен жүктүү унааларды өткөрүү тартибин күчөткөн. Учурда адамдардын чек арадагы кезек күтүүлөрү узакка созулбастан мурдагы тартипке келип калган болсо, Казакстан менен болгон чек арадагы жүктүү унаалардын чоң кезек күтүүлөрү бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Ошон үчүн ишкерлер — анын ичинде казак ишкерлери — чыгымдарга дуушар болушууда.
Бишкекти модернизациялоо
Атамбаев өзүнүн президенттиги алдында Кыргызстандын борборундагы тургундардын көйгөйлөрү менен алектенүүнү убадалаган. Негизинен ал Бишкектин транспорт көйгөйүн чечүү үчүн бир гана жолдор менен айлампаларды курбастан, коомдук транспорт маселесин да чечүү керектигин айткан. Болочок президент борбор калаага маршруткалардын ордуна автобустар менен троллейбустар келиши керек деп билдирген.
Бул ошол бойдон жүзөгө ашпады. Маршруттук таксилер бүгүнкү күнгө чейин Бишкектин башкы коомдук транспорту болуп калууда. Ошондой эле, Атамбаев өз программасында убада кылган көп кабаттуу унаа токтотмо жайлары Бишкекте пайда болгон жок, бирок чындыгында эле жол тармагын модернизациялоо башталды.
Бишкек ЖЭБин оңдоо ийгиликтүү болду — бул дагы Атамбаевдин шайлоо алдындагы убадаларында бар болчу. Аны 2013-жылдын жай мезгилдеринде оңдой башташып, 2017-жылы аягына чыгарышты. Долбоордун баасы — 386 млн АКШ долларын түзгөн. ТВЕА компаниясынын адистери эски жылыткычтар менен турбоагрегаттарды алып салышып, алардын ордуна жогорку басымдагы эки көмүр жылыткычы менен кубаттыгы 150 мегаватт болгон эки турбоагрегатты орнотушту.
ЖЭБдин жылыткычтары 2017-жылдан баштап Кыргызстандын көмүрү менен иштей баштады, ал эми объекттин өзү (модернизацияга чейинки 512 мегаваттын ордуна) 812 мегаватт электр энергиясын өндүрүп турат.