Мамлекеттик каттоо кызматы өздөрүндө жүргүзүлгөн ички иликтөөсүнө таянып, Kloop.kgнин «Самара» сайты боюнча иликтөөсүнүн тууралыгын кайрадан төгүнгө чыгарды. Октябрда «Клооп» швециялык криминалисттер менен кошо Кыргызстандын өкмөтүнүн серверлеринде президенттик шайлоо учурунда шайлоочуларга таасир этүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик эмес сайт камтылганын далилдешкен.