Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду түркиялык оппозиционер Фетхуллах Гүлендин Кыргызстандагы жолун улоочулар менен күрөшүүгө чакырды. Буга чейин Түркиянын бийлиги бир нече жолу Кыргызстанды Гүлендин тарапкерлери тарабынан ачылган деп эсептелген окуу жайларды жабууга үндөгөн. Кыргызстан баш тарткандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле сууп кеткен.
Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков алгачкы жолу расмий сапары меен Түркияга барып, түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту.
Эрдоган билдиргендей, 2016-жылы июль айында Түркияда төңкөрүш уюштуруу аракетинен кийин эки өлкөнүн мамилелери «ар кандай сыноолорго кабылган».
Анын айтымында, «феточулардын» жолун жолдоочулар — «мамлекеттер ортосундагы өз ара кызматташтыкты жолдон тайдырыгысы келип», мамлекеттик төңкөрүш жасоо үчүн айыпталган Фетхуллах Гүлендин уюмдары.
«Мен Жээнбековдун сапарын феточулардын аракеттерине мыкты жооп катары баалайм. [...] Уюмдун жетекчилерин кармоо бир гана Түркияга эмес, Кыргызстан үчүн да, мамлекет башчылары катары биздин мойнубузга түшкөн жоопкерчилик», — деп билдирди ал.
Ошондой эле, Эрдоган Кыргызстан Түркия сыяктуу эле «феточулардын» жолун улоочуларга карата ушундай эле аракеттерди кабыл алса болот деп айтты. Түркияда төңкөрүш кылуу аракетинен кийин 50 миңден ашуун адам кармалган.
«Биз Кыргызстандагы өзүбүздүн бир туугандарыбызга "Фето" уюмуна каршы каршы күрөшүү керектиги жөнүндө ачык айттык, өлкөлөрдүн ортосундагы келечектеги кызматташтыктын маанисин белгиледик. Мен Жээнбеков бул теманы терең изилдеп, ыкчам чараларды көрөт деп ишенем», — деди ал.
Сооронбай Жээнбеков Эрдогандын «феточулардын» жолун жолдоочуларына каршы күрөшүү боюнча чакырыктарына жооп бербей, бул маселе боюнча өз позициясын билдирген жок.
Кыргызстан менен Түркиянын сууп кеткен мамилелери
Жээнбековдун Түркияга сапары эки мамлекеттин ортосундагы сууп кеткен мамилелердин шартында болду. Төңкөрүш жасоо аракеттеринен кийин Кыргызстан менен Түркия оппозиционер Гүлендин Кыргызстанда иштеши мүмкүн жолун улоочуларынын айынан бир нече жолу талаш-тартышка түшүшкөн.
Түркия 2016-жылы кыргыз бийлигин өлкөдө «гүленчилердин» ишмердигине тыюу салууга чакырган.
Кыргызстанда Гүлендин жолун жолдоочулары ачкан деп эсептелген Эл аралык «Себат» билим берүү окуу жайларынын тармактары иштейт. Түркиянын бийлиги аларды жабууну талап кылган.
Кыргызстандын жетекчилиги түрк бийлигинин талаптарын аткаруудан баш тарткан. Ошол кезде өлкө президенти болуп турган Алмазбек Атамбаев, «түрк бийлиги Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатат» деп билдирген.
Атамбаев Кыргызстанда түрк мектептери жабылбайт, анткени аларда жакшы билим беришет деп айткан.«Мен Гүленди тааныбайм, бирок "Себат" мектептерин Түркия менен Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш даярдашкан делген саясий уюмдар менен алмаштыруу — бул сандырак. Биз "Себат" эмне иш кылып жатканын билебиз», — деген ал.
Мындан тышкары кыргыз бийлиги түрк мектептеринин аталышын «Сапат» деп өзгөртүп, ал эми Билим берүү министрлиги бул лицейлердин түзүүчүлөр курамына кирген.
Мындан тышкары, кыргызстандык диний ишмер Чубак ажы Жалиловдун Америка Кошмо Штаттарында Фетхуллах Гүлен менен жолугушуусу эки өлкөнүн ортосунда дагы бир талаш-тартышка жем чачкан.
Анда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч бул жолугушууга карата кооптонуусун билдирген.Атамбаев Жалилов «азыр эч кандай кызматты ээлебейт, демек, ал ким менен кааласа ошого жолуга алат» деп айткан.
Ошондон кийин Кыргызстан менен Туркиянын ортосундагы мамилелер кыйла эле солгундап кеткен жана буга чейин байма-бай жолугушуп турган эки мамлекеттин башчысы акыркы эки жылда жогорку деңгээлдеги жолугушууларды деле өткөрүшкөн эмес.
Кыргызстан менен Туркиянын ортосунда дайыма создуктурулуп келген эки бүткөрүлө элек долбоор бар — бул түрк тараптын Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоосу жана Бишкекте кыргыз-түрк достугунун ооруканасынын курулушу.
Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракети
Түркияда мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракети 2016-жылдын 16-июлуна караган түнү болгон. Аскерий төңкөрүшчүлөр борбордук телеканалды, Түркиянын башкы штабын жана Стамбулдагы Босфор көпүрөсүн колго алышып, бирок кийинчерээк төңкөрүш аракети көзөмөлгө алынган.
Аскерлер өз аракеттерин конституциялык тартипти калыбына келтирүү, адамдардын эркиндиги менен укуктарын сактоону камсыздоо, мызамдын үстөмдүгү жана жалпы коопсуздук менен негиздешкен.
Бирок президент Режеп Тайып Эрдогандын тарапташтары менен кагылышта аскерлер колго түшүп беришип, жаңжал басылган.
Кагылышта 240дан ашуун адам набыт болуп, дагы 2 миңден ашууну жаракат алган. Бийлик 50,5 миң адамды кармап, 169 миңден ашуунуна каршы кылмыш иштерин козгогон.