Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Абдил Сегизбаевди отставкага кетирип, парламенттен башкы прокурор Индира Жолдубаеваны ээлеген кызматынан бошотууну суранган. Парламент президенттин суранычын колдоп берди. Аламазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда Башкы прокуратура менен УКМК өлкө башчысынын каршылаштарына кылмыш иштерин козгоп, көз карандысыз ЖМКлар менен соттошкон.
Апрелдин ортосуна чейин Жээнбеков өзүнө чейинки президент Алмазбек Атамбаевдин тушундагы дээрлик бардык аткаминерлерди кетирип, өз кызматында бир гана ИИМдин башчысы Улан Исраиловду калтырды.
Бошотулгандардын катарында Атамбаев 2015-жылы дайындаган башкы прокурор Индира Жолдубаева жана УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев бар.
Атамбаев жетектеген КСДПнын парламентте 38 орунду ээлеген депутаттары президенттин сунуштамасын дээрлик бир добуштан колдошкондон кийин Жолдубаеваны отставкага кетиришти.
Атамбаевдин эки кадрын кетирүүгө Жээнбековдун февралдын башында Коопсуздук кеңешиндеги айткан сын-пикири өбөлгө болгон. Анда Жээнбеков Башкы прокуратура менен УКМКнын антикоррупциялык кызматы өздөрүнүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча милдеттерин аткара албай жатышканын билдирген.
Сегизбаев менен Жолдубаеванын оставкасынан кийин эл өкүлдөрү бийликтин оппоненттерине каршы козголгон УКМК менен Башкы прокуратуранын бардык кылмыш иштерин кайрадан карап чыгуу керектиги жөнүндө айтып чыгышты.
Оппозициялык фракциялардын депутаттары ЖМКлар менен саясатчыларга каршы иштерди иликтеген комиссия түзүүнү сунушташкан.
Парламенттин спикери Дастан Жумабеков бул маселе «талкууланаарын» билдирген.
Өмүрбек Текебаев жана 1 млн доллар «пара»
Башкы прокуратура 2016-жылдын февралында оппозиционер жана «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге каршы кылмыш ишин козгогон.
Кылмыш ишин козгоого орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алууга шектөө расмий себеп болуп калган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев андан «Мегаком» байланыш операторун башкаруугу шарт түзүп берүү үчүн 1 млн доллар пара алган.
Бирок Текебаев Башкы прокуратура менен УКМКнын байкоосуна андан мурда эле 2016-жылы кабылып калган. Бийликтин Текебаевге дооматы саясатчы Атамбаев сунуштаган Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккандан кийин пайда болгон.
Анда Сегизбаев Атамбаевге Текебаев жана анын партиядагы үзөңгүлөштөрү Аида Салянова менен Алмамбет Шыкмаматовдун «Мегакомду» сатууга финансылык кызыкчылыктары болгон деп айтылган Белиз мамлекетинен документтерди тапшырган.
Бул иш боюнча иш козголгон эмес, ал эми коомчулук бул документтердин чын-төгүнүн ошол бойдон билбей калган.
2017-жылдын 25-февралында Текебаев «Манас» аэропортунда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал учурда күч түзүмдөрү саясатчынын пара алгандыгына күнөөлүү экени боюнча «төгүндөлгүс далилдер» бар экенин айтышкан.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Текебаевдин иши боюнча 2017-жылдын августунда чечим чыгарган. Оппозиционер мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен сегиз жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк сот мунапыс боюнча анын жаза өтөө мөөнөтүн 4,5 жылга чейин кыскарткан.
Текебаев күнөөсүн мойнуна албай, чечимди «саясий жүйөөлүү» деп эсептеп, өкүмдү даттанган. Бирок Бишкек шаардык соту менен Жогорку сот биринчи инстанциядагы сот өкүмүн күчүндө калтырган.
Натыйжада Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевди депутаттык мандаттан ажыраткан жана азыр саясатчы №47 түзөтүү абагында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Аида Салянова жана адвокаттык лицензияны «мыйзамсыз узартуу»
Экс-башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Саляновага каршы ишти 2016-жылы декабрда Башкы прокуратура козгогон. Саляновага «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде айып тагылган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2010-жылы юстиция министри болуп турган кезде кулатылган президент Курманбек Бакиевдин баласы Максимдин үзөңгүлөшү эсептелген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын «мыйзамсыз» узарткан. Салянованын бардык сурактары УКМКда өткөн.
Ленин райондук сот 2017-жылдын октябрында Салянованы мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок судья анын жаза өтөө мөөнөтүн 2029-жылга чейин жылдырган, анткени экс-башкы прокурордун 14 жашка чыга элек кичинекей баласы бар.
Саляновада өзүнүн үзөңгүлөшү Өмүрбек Текебаевдей эле Атамбаев сүрөмөлөгөн конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккан.
Алмамбет Шыкмаматов жана анын аялынын Эсеп палатасы үчүн авто унаасы
Оппозициялык «Ата Мекен» фракциясынын дагы бир мүчөсү Алмамбет Шыкмаматовго Башкы прокуратура кылмыш ишин 2017-жылдын февралында «кызматтык жасалмалоо» жана «коррупция» айыптоолору боюнча козгогон. Шыкмаматов да УКМКда суракка алынган.
Ошол эле жылдын декабрында Биринчи май райондук сот Шыкмаматовду ал 2011-жылы тендердик комиссиянын курамында болуп туруп Эсеп палатасына өз аялынын авто унаасын сатып салууга күнөөлүү деп тапкан. Прокурорлор саясатчы үчүн 8 жыл абак мөөнөтүн сурашкан, бирок депутатка мамлкеттин пайдасына делип 5 млн сом штраф салуу өкүмү чыгарылган.
Шыкмаматов да өз тарапкерлери сыяктуу эле күнөөсүн мойнуна албай, өзүнө каршы кылмыш иш «саясий мүнөздүү», ал эми кылмыштын курамы далилденген эмес деп билдирген.
Саясатчы өкүмдү даттанган, бирок шаардык сотто чечим дале болсо кабыл алына элек. Шыкмаматов азырынча депутаттык ишмердигин улантып жатат.
Канатбек Исаев жана «бийликти күч менен басып алуу»
«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канатбек Исаевге эки кылмыш иши козголгон.Биринчиси 2011-жылы апрель айында козголгон. Бирок бул иштин материалдарын жоготуп жиберишкен. Башкы прокуратура эл өкүлүнө каршы ишти 2017-жылы жазында гана жанданта алган.
Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, Исаев, Токмоктун мэри болуп турган кезде автостанция куруу боюнча жалган тендер өткөрүп, 700 млн сомдон ашуун суммада жалган келишимдерди түзгөн. Мындан тышкары, ал китепкананын имаратын мыйзамсыз сатуу үчүн айыпталган. Анын аракеттери мамлекетке миллион сомдон ашуун зыян келтирген.
Ошондой эле, тергөөнүн версиясы боюнча, Исаев Токмокто жатакананын имаратын мыйзамсыз сатып жиберген. Бул иштен улам мамлекетке эки миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.
УКМК аны 2017-жылы сентябрдын аягында «бийликти күч менен басып алууну» даярдоо аракеттерине шектеп кармаган. Ал учурда шайлоо алдындагы өнөктүк өтүп жаткан жана президенттик кызматка башкы атаандаштар бийликчил КСДП партиясынан Сооронбай Жээнбеков жана «Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов болгон.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, эгерде президенттик шайлоодо Бабанов утулуп кала турган болсо, Исаев массалык башаламандыктарды уюштурмак.Бабанов Исаевди ага колдоо көрсөтүп, анын тарапкери болгондугу үчүн кармашкан деп билдирген.
Ошондой эле, бул иш боюнча Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын начальниги Рамис Жунусалиев, Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Деңиз Раимкулов жана жумушсуз Майрамбек Маткулов кармалган.
Исаев кармалгандан кийин анын бир тууганы Талантбек Исаев ИИМге караштуу адистештирилген күзөт башкармалыгын башчылык кызматынан кеткен.
Саясатчы кылмыш ишин козгоого негиз жок деп билдирүү менен бардык айыптоолорду четке каккан.
Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-январда аны имараттарды мыйзамсыз сатуу жана жалган тендерлерди өткөрүү иштери боюнча 12 жылга катаал тартиптеги абакка кесүү өкүмүн чыгарган. Мунапыс колдонулгандан кийин Исаевдин абак мөөнөтү 9 жылга чейин кыскартылган.
Бийликти күч менен басып алуу боюнча иш азырынча өндүрүштө.
Канатбек Исаев «Кыргызстан» фракциясынынлидери болчу. Бирок саясатчы Атамбаевдин Баш мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча демилгесине каршы чыгып, 2016-жылы бул кызматтан кеткен. Исаевдин ордуна Алмазбек Батырбеков партиянын лидери болуп калган.
Өмүрбек Бабанов жана эки кылмыш иши
Башкы прокуратура депутат Өмүрбек Бабановго кылмыш ишин президенттик шайлоодон эки апта өткөн соң козгогон. Саясатчы президенттик шайлоодо жеңген талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон.
Шайлоонун жыйынтыгы чыгарылгандан кийин Бабанов бийликти «кара пиар» жана административдик ресурс колдонууга айыптаган.
Тергөө Бабанов басымдуу бөлүгү этникалык өзбектер жашаган «Амир-Тимур» (мурдагы Он Адыр) кичи районундагы үгүт кампаниясынын учурунда «улуттар аралык кастыкты козутууга чакырган» деп эсептейт.
Башкы прокуратуранын дооматтарына Бабановдун төмөнкү сөздөрү себеп болгон: «Чөгөлөп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы. Бардыгыңар бирге болсоңор, бирөөнү уруп жатса, бардыгыңар чыксаңар эч ким силерге каршы тура албайт. Элди бул сел дейт, эл турганда бул сел болуп агызып кетет».
Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, анын айткан сөздөрү «улуттар аралык кастыкты козутууга, адамдарды баш ийбөөгө чагым кылууга жана учурдагы бийликти кулатууга» багытталган.
Ал эми Бабанов өзү козголгон кылмыш ишин «ойлонуп табылган» жана «укук коргоо органдарынын зомбулугу» деп атаган.
Шайлоодон кийин Бабанов өлкөдөн кетип, кийинчерээк депутаттык мандаттан баш тартып, саясаттан кетип жатканын билдирген. БШК аны 2018-жылдын 19-январында мандаттан ажыраткан.
УКМК 2018-жылдын мартында Бабановго каршы дагы бир кылмыш ишин козгогон. Тергөөчүлөр аны Канатбек Исаев менен бирге «бийликти күч менен басып алуу үчун даярданууга жана массалык башаламандыктарды уюштурууга» айыптаган.
«Тергөө парламенттин депутаты Канатбек Исаев чындыгында эле Бабановдун тарапташтыры менен бийликти күч менен басып алууну жана массалык башаламандыктарды даярдаганын далилдеген. Бабановдун өзүнө карата өзүнчө иш жүргүзүлмөй болду», — деп билдиришкен УКМКдан.
Ал эми Бабанов өзүнүн фэйсбук барагында өзү жана өзүнүн тарапташтары «мыйзамсыз аракеттерди, бийликти басып алууну» пландашкан эмес, ал эми өзүнө каршы айыптоону «такыр маанисиз» деп атаган.
Учурда Бабанов Москвада ден соолугун чыңдап, өз бизнесин башкаруу менен алек.
Атамбаевдин ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо
2016-жылы жазында экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо боюнча «Заноза» басылмасына жана анын түзүүчүлөрү Дина Маслова менен Нарын Айыпка каршы, андан тышкары, укук коргоочу Чолпон Жакуповага да каршы жалпысынан беш доо арызын берген. Жалпы жонунан башкы прокуратура бардык жоопкерлерден 30 млн сом талап кылган.
Мындан тышкары, Жолдубаева «Азаттык» үналгысына каршы 20 млн сомго эки доо арызын тапшырган. Бирок кийинчерээк Башкы прокуратура Атамбаев «Азаттык» үналгысынын директору Томас Кент менен жолуккандан кийин «Азаттыкка» каршы эки доо арызын чакыртып алган. «Азаттык» үналгысы — бул «Эркин Европа/Азаттык Үналгысынын» Кыргызстандагы бөлүмү.
Бирок Атамбаев «Занозага» каршы доо арызын чакыртып алуудан баш тарткан.
«Эмне үчүн биз сотто утуп жатабыз? анткени бул журналисттер эмес, бул жалганчылар. Алар жооп бериши керек. Жада калса кызматтан кетсем да мен бары бир мындай гезитчилер менен соттошо берем. [...] Көп миллиондук доо арыздар? Алар үчун бул доо арыздар эмес. Мен алардын артында ким турганын абдан жакшы билем», — деп билдирген ал.
Натыйжада «Заноза» соттун бардык инстанцияларында утулуп калган. Басылма жана анын түүзүүчүлөрү Атамбаевге 27 млн сом төлөп бериши керек.
Маслова менен Айып доо арыздарын басылмага карата «куугунтуктоолор менен басымдын» ыкмасы деп атаган. Сот алардын банктык эсептерин камап, кундун бардык суммасын төлөп берүүнү талап кылган, бирок жооптуулар аларда анчалык акча жок экенин бир нече жолу билдирип чыгышкан. Сот ошондой эле, Жакупованын дачасын сатыкка чыгарган.
Эл аралык уюмдардын баасы
Эл аралык Freedom House укук коргоо уюму өзүнүн акыркы отчетунда Кыргызстанда демократиянын көрсөткүчтөрү саясий каршылаштарды куугунтуктоолор жана ЖМКга басымдардын айынан начарлап кеткенин көрсөткөн.
Укук коргоочулар өлкө демократиясынын деңгээлин 6,07 балл деп баалашкан — бул акыркы жети жылдагы Кыргызстандын эң эле начар көрсөткүчү.
«Бийлик шайлоого чейин президенттин саясий атаандаштарын куугунтуктап, эркиндиктеринен ажыраткан. Шайлоодон кийин утулуп калган талапкерге каршы кылмыш иши ачылган», — деп айтылат отчетто.
Ошондой эле, Freedom House Кыргызстандын экс-президентинин ЖМКларга каршы доо арыздарын «саясий жүйөөлүү» деп атаган.
Укук коргоочулар бийликтегилерден көз карандысыз ЖМКларды куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан. ЖМКларга каршы арыздарды өзүнүн жылдык отчетуна Amnesty International да кошуп, аларды «кысымга алуу» деп атаган.