Парламент Сапар Исаковдун өкмөтүнүн отставкага кетиши үчүн добуш берди. Бул материалда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Жогорку Кеңештин депутатттарынын биринчи реакциялары чогултулду.
Кененирээк: Парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөө сунушун колдоду
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов
«Тирешүүнүн артында кыргыз эли, анын жашоо-турмушу, мамлекеттин стабилдүүлүгү турат. Мына ушундай кырдаалда бири-бири менен тирешкени ар бир жарандын көйгөйлүү маселеси.
Биз парламент президент менен өкмөттүн ортосунда туруп, өз позициябызды билдирбесек, элдин алдында туура эмес болот. Бул жерде бир адамдын кызыкчылыгы болбошу керек. Бири кызматтан бошотсо, экинчиси өчөшкөнсүп кызматка коюп турса, бул ачык айтканда чакырык. Анда эртең эмне болот? Мен тирешүү саясатына каршымын. Ошондуктан колдодум»
Анвар Артыков, КСДП:
«[Өкмөттүн отставкасы боюнча] жетиштүү эле көптөгөн адамдар өз позициялары менен аргументтерин демилгелешти. Алар мени [отставка үчүн добуш берүүгө] ынандырышты деп эсептейм».
Чыныбай Турсунбеков, КСДП:
«Негизи коалициялык көпчүлүк жакшыраак иштеши керек эле. Ал өзүнүн өкмөтүн мындайга жеткирбей алдын ала сүйлөшүп, алардын өз ыктыяры менен кетишине мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек болчу. Саясатта чыңалуу болгону үчүн ушундай болуп жатат. Азыр кырдаал оор. Ишеним көрсөтпөөнүн өзү саясий күчтөрдүн мамилелеринин татаалдашып калганын көрсөтүп турат.
Саясий күчтөрдү бириктирүү премьердин милдети, анткени көп маселелер өкмөт башчыдан көз каранды, өзгөчө кадр маселеси. Чыңалуу болбосо өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси чыкмак эмес. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө деген өтө чоң, олуттуу маселе».
Дастан Бекешев, КСДП:
«Мен өкмөт иштеши үчүнмүн. Каталар көп болду, бирок иштеп жатканда алардан качып кутулууга болбойт. Өкмөттүн алмашышы көптөгөн процесстерди бери эле дегенде жарым жылга токтотуп коет. Өкмөттүн алмашышы жөнөкөй жарандарга, бизнеске жакшы эч нерсе алып келбейт. Өлкөдө абал начар болуп турганы жакшы болгон псевдоактивисттер менен айрым саясий күчтөр убактылуу ырахаттанып алышат».
Кожобек Рыспаев, КСДП:
«Сапар Исаковдун келиши менен ЖЭБдеги авария сыяктуу көптөгөн кемчиликтер пайда болду. Башка өлкөлөрдө мындай кырдаал жаралганда өкмөт башчы отставкага кетет. Алар күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярбыз деп отчет беришкен, бирок кыштын ортосунда авария болуп, биздин эл үшүп жатты. Мен бул абдан чоң кемчилик деп эсептейм.
Мындан тышкары, «Коопсуз шаар» долбоору. Өкмөт тендер өткөзүп 60 млн долларга келишим түзгөн. Бирок, бул да жүзөгө ашкан жок. Ошондой эле, экология маселелери боюнча "Кумтөр" менен соттук териштирүүлөрдү токтотуу, Жерүйдөгү иш таштоо жана Тогуз-Тородогу окуялар».
Рыскелди Момбеков, КСДП:
«Мен комитеттин чечимин, көпчүлүк депутаттардын чечимин колдодум. Алар өкмөттүн курамына ишеним көрсөтпөө сунушун киргизишти. Бул жерде өкмөттүн очтёту жөнүндө кеп болгон жок. Эгерде депутаттар 2017-жылдын жыйынтыгы үчүн Сапар Исаковдун министрлер кабинетинин отставкасына добуш беришсе, анда мен каршы болмокмун. Маселе башкада. Маселе Сапар Исаковдун кадр саясатында болууда.
Жакында эле ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкомитеттин төрагалдыгына Жээнбеков өз жарлыгы менен бошоткон адамды дайындаган (кеп мурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон Болот Сүйүмбаев жөнүндө болууда — ред).
Сапар Исаков парламент менен да, президент менен да жана экс-президент менен да иштеше албай койгону бардыгына белгилүү».
Бакыт Төрөбаев, «Өнүгүү — Прогресс» фракциясынын лидери:
«Эл "Биз жаңыланууну, реформаларды өнүгүшүн каалап атабыз" деп айтып атат. Өзүңөр көрдүңөр жалаң ызы-чуулар болду. Биз эл өкүлдөрү катары элдин маанайын сезип турабыз».
Исхак Масалиев, «Өнүгүү — Прогресс»:
«Парламенттеги 17 жылда мындайды биринчи жолу көрүп атам. Бул жаңы парламенттик жашоо. Мен башка парламенттик азчылык сыяктуу эле ишеним көрсөтпөөнү колдодум. Биздин кескин сындарыбыз айтылды. Бирок парламенттик көпчүлүк да колдоду. Эмнеге андай кылышканын өздөрүнөн сураш керек. Мен алардын ордунда болгондо ишеним көрсөтпөө вотумун колдомок эмесмин. Өз премьерим үчүн турмакмын.
Ооба, Сапар Исаковдун өкмөтү 2017-жылы болгону бир нечей ай гана иштеди. Бирок жыйынтык чыгаруу үчүн бул жетиштүү эле. Бул убакыт аралыгында ушунчалык кадрдык башаламандык болду. Биз жаш кадрлар деп ырастап атканда, кимдир бирөө кызматка Кубанычбек Кулматовду алып келүүнүү каалап, аны кызматка отургузушту.
Мындай иштер премьер-министрди жакшы көрсөтпөйт. Ал мурдагы жана учурдагы президенттерден оолакташы керек болчу. Ал эл үчүн иштеп, парламентке гана отчеттуу экенин айтышы керек болчу. Резиденциядан резиденцияга чуркаган — бул жакшы эмес».