Казак журналисти Мурат Тунгишбаевдин аялы Мерей Тунгишбаева жолдошу сол көзүнөн айрылып калышы мүмкүн экенинен кооптонууда.
Аны 27-июнда Кыргызстандан экстрадиция болгон күндөн тарта Алматынын тергөө абагында жаткан күйөөсүнө киргизбей жатышат. Тунгишбаевге күнүгө ичиши керектелген дары-дармек жана азык-түлүк да берип жиберүүгө болбой атат.
Тунгишбаевдин жакын туугандары менен үй-бүлөсү экстрадициядан кийин үч күндөй аны кай жакка жөнөтүшкөнүн да билишкен эмес. Төртүнчү күн дегенде гана тергөөчү аларга Мурат Тунгишбаев Алматынын №18 тергөө изоляторунда экенин кабарлаган. Экстрадициядан кийин ага адвокатты бир жолу гана киргизишкен.
Эгерде Кыргызстандын бийлиги мыйзамды сактаганда мунун бардыгы болмок эмес.
Бишкекте төрт жылга чукул жашаган казак журналисти Тунгишбаевди Кыргызстандын атайын кызматы 10-майда кармаган. Тунгишбаевди мекенинде адилетсиз сот жана кыйноо күтүп атат деп айткан укук коргоо уюмдарынын суранычтарына карабастан, кыргыз соту июндун аягында оппозициячыл журналистти Казакстанга өткөрүп берүүнү чечкен.
Башпаанек
Тунгишбаевдин эмгек жолундагы эң эле опурталдуу журналисттик иш — бул 2011-жылы Казакстандагы Жаңы-Өзөндө нефтчилер массалык иш таштоого чыгышкан каршылык акциясын чагылдыруу болуп калды.
Натыйжада каршылык акциясын катуу басаңдаткан казак бийлиги алар жөнүндө маалымат ЖМКга тарап кетпөөсү үчүн бардык амалдарды көргөн. Тунгишбаевдин абалы өзү иштеген «Стан-ТВ» каналынын эфиринде казак бийлигине карата сын-пикир чагылдыргандан кийин оорлошуп кеткен.
2012-жылы Жаңы-Өзөндүн жылдыгы болоор алдында «Стан-ТВ» каналы менен бирге сегиз казак гезити жана 23 интернет басылма жабылган. Бул ЖМКнын бардыгы шахтачылардын каршылыгы жөнүндө материалдар үчүн «бийликти күч менен басып алууну пропагандалоо жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудуруу» боюнча айыпталган.
Эки жыл өткөн соң Тунгишбаев аялы жана баласы менен Кыргызстанга качып келген. Ал эми апасы ошол кезде Казакстанда калган.
«Ал чын дилден Казакстандын тагдыры үчүн кабатырланып атканы сезилген. Ага аргасыздан качууда жүргөн убактысын баштан кечирүү кыйынга туруп, ал дайыма апасына чалып, бардыгы жакшы экенин айтып, сарсанаа кылбоого аракеттенчү. 10-майда ал кармалганын окуп калып, албетте, мен дендароо болуп калдым», — деп эстеди Тунгишбаевдин сүрөтчү досу Влад Ушаков.
Тунгишбаев Ушаков менен биргеликте Кыргызстанда Ысык-Көлдөгү турмуш-тиричиликтен арткан катуу калдыктар жана Ысык-Көлдүн токойлорунун кыйылышы жөнүндө экологиялык тасмаларды тарткан.
Ал дагы бир кыргыз журналист досу Адилет Бектурсунов менен НТС телеканалы үчүн комедиялык шоунун үстүндө иштеп жаткан.
«Мага ал коркунучта жашап аткандай туюлчу. Аны аңдып, балким, бир күнү кармап кетүү үчүн ыңгайлуу учурду күтүп жүрүшкөнүн билчүмүн. Ошондуктан экөөбүз саясат жөнүндө, балким, аны абдан кызыктырган нерселер тууралуу сүйлөшчү эмеспиз. Ал майда-чүйдө киреше менен жан багып жүргөн. Видео жабдыктарды ижарага берип, батирге акча төлөп жашап жүрчү», — дейт Бектурсунов.
Операция
2017-жылы 10-майда Алматы жана Астанада саясий камактагыларды колдоо митинги өткөн.
Бул каршылык акцияларын «Казакстандын демократиялык тандоосу» (КДТ) кыймылы уюштурган. Бул уюмду 2017-жылы качууда жүргөн оппозиционер Мухтар Аблязов негиздеген, ал эми 2018-жылы мартта Казакстан кыймылды экстремисттик деп жарыялаган. Кыргызстанда ага тыюу салынган эмес.
«Мен Тунгишбаевде Казакстандын өкмөтү менен кандайдыр бир пикир келишпестиктери бар экенин билчүмүн, андан кийин жалпы тааныштарыбыз Аблязов менен кызматташып, кандайдыр бир оорчундуу социалдык маселелерди көтөрүп жүргөнүн айтышты, бирок менен бардыгы ушунчалык олуттуу экенин билген эмесмин», — деди Ушаков.
Казакстанда митинг болуп аткан күнү кечинде Кыргызстандын атайын кызматы Тунгишбаевди КДТ менен байланышы бар деген шек менен кармаган. Буга чейин бир күн мурда казак журналисти сол көзүнө операция жасатып, врачтар анын көзүндө жаралган тромбду жок кылышкан.
«УКМКнын кызматкерлери биз жок кезде эшикти талкалап кирип, бардык шкафтарды аңтарып, бардыгын чачып, байкоо камераларын жулуп, даарыланууга деп сакталган акыркы акчалар менен мүлктүн бардыгын чыгарып кетишиптир», — деп эстеди анын аялы Мерей Калиева.
Тунгишбаевдин журналист досу Булат Сатаркулов анын кармалышы жөнүндө биринчилерден болуп уккан. Ал Тунгишбаев жашаган батирге саясатчы Адил Турдукулов менен келгенде ал жерде көп адамдар чогулуп калган.
«[УКМКнын кызматкерлери] адвокатты киргизбей коюшту, мунун баары абдан тездик менен болуп, аны дароо эле кармап алышты», — дейт Сатаркулов.
Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери казак оппозиционерине «кайсы бир Алматы сотунун токтомун» окуп беришти деп айтууда.
Отурум
Ошондон кийин Бишкектин Октябрь райондук соту жарым айдын ичинде Тунгишбаевди Казакстанга экстрадициялоо керек же керек эмес экенин чечип атты. Сатаркулов судья жактоочу тараптын аргументтерин эске албаган бул отурумду шылдың деп атоодо.
«Судьяда Тунгишбаев жада калса даттана албас даяр чечим бар экени белгилүү эле болуп калган. Бирок бизде укуктук мамлекет деп үмүттөнгөнбүз, […] ал эми аны берип салышты. Чынын айтканда, бул арамзалык. Өз укугун аягына чейин коргоого мүмкүндүк беришпеди», — дейт ал.
Тунгишбаевдин үй-бүлөсү кыргыз бийлигин аны мекенине экстрадициялабоого ынандырууга аракет кылган. Калиев президент Жээнбековго видеокайрылуу жаздырып, ал эми журналисттин апасы Бактыбола Тунгишбаева Алматынын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынан алдына өзү жалгыз пикетке чыккан. Улгайган аял колуна кыргыз тилинде «Кыргыз туугандар, баламды сактап калгылачы!» деп жазылган кайрылуу жолдогон.
Мунун баарына карабастан кыргыз соту 25-июнда журналистти өз мекенине өткөрүп берүүнү чечип, эки күндөн кийин ал Алматыга жеткирилген.
Тунгишбаевдин адвокаты Нурбек Токтакунов журналист кармалгандан кийин кыргыз соттору көптөгөн катачылык кетиришти деп эсептейт.
Башында казак соту журналистти «тыюу салынган уюмга маалыматтык кызмат көрсөтүү» айыптары боюнча кармоо чечимин чыгарган. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде андай берене жок.
«Бул берене бизде кылмыш деп таанылбайт, демек, ал боюнча соттоп же экстрадициялай алышпайт», — деди адвокат.
Кыргыз прокурорлору сотто Тунгишбаевди ал берене менен экстрадияциялоого мүмкүн эместигине макул болушканда Казакстандын бийлиги ага жаңы айып тагышты. Бул ирет тыюу салынган уюмдун ишмердигине катышуу боюнча айып угузулду.
Бирок Тунгишбаевдин иши боюнча Кыргызстандын сот системасындагы эң чоң ката — бул ага экстрадиция боюнча чечимди даттанууга мүмкүндүк бербей коюшканында.
Мыйзам боюнча, экстрадиция жөнүндө чечимдер сот өкүмү чыккандан кийин он күн өтүп күчүнө кириш керек. Ал эми казак журналисти Кыргызстандан эки суткага жетпей эле чыгарылган.
Бийлик тарабынан болгон дагы бир эреже бузуу — бул Кыргызстандын миграция кызматы Тунгишбаевдин качкын макамын алуу боюнча өтүнмөсүн карап аткан учурда аны экстрадициялоо.
«Ал мурда деле качкын макамын берүүнү суранып келген. Бирок ал учурда Тунгишбаевде чынында эле аны Казакстандын бийлиги куугунтуктап атканы жөнүндө далили жок болчу. Кылмыш иши да, дагы башкасы да жок эле. Ал эми кылмыш иши козголгондон кийин Тунгишбаев кармалып, ал өтүнмөнү өз адвокаты аркылуу берген», — дейт Токтакунов.
Ал миграциялык кызмат журналистке жеке жолукмайынча качкын макамын бере албаганын эске салды.
«Бишкектин судьясы бул жолугууга эмне себептен каршы болуп койгону түшүнүксүз, анткени бул кылмыш иште чечүүчү аргумент болуп калмак да. Мыйзам боюнча, качкындар экстрадицияланбайт», — деп түшүндүрдү адвокат.
Токтакунов Тунгишбаевдин эркиндиги «Атамбаевдин Назарбаевге каршы демаршынын жыйынтыгында уят болуп калган абалдан чыгуунун» баасы болгон деп ишенет. Ал президент Алмазбек Атамбаев казак лидери Нурсултан Назарбаевди «Бакиевди жакшы көрөт» деп айыптап, ал эми Казакстандын чек ара кызматы жооп иретинде Кыргызстан менен болгон чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүп салган 2017-жылдын октябрындагы окуяны айткысы келген.
Мекен
Тунгишбаев Казакстанга өткөрүлүп берилген күндүн эртеси Алматы райондуск соту тергөө учурунда оппозиционер үй камагында болоорун чечкен. Бирок ошол эле күнү өкүм шаардык сотто даттанылып, Тунгишбаев эки айга тергөө изоляторго камалган. Бул чечим эми даттанууга жатпайт.
Ал экстрадицияланганга чейин эле Казакстандын Башкы прокуратурасы аны жалгыз берене «КДТнын ишмердигине катышуу» үчүн соттоону убада кылган. Бирок Тунгишбаев мекенине кайтаары менен кыймылды «каржылоо жолдорун иштеп чыгуу» боюнча дагы бир айып тагылган. Эми бир берене боюнча эки жыл эркинен ажыратуу жаза мөөнөтүнүн ордуна ал жети жылга кесилип кетиши мүмкүн.
Анын фэйсбук барагын иштетип аткан Тунгишбаевдин аялы журналист азыр Алматынын абагында муктаж болуп аткан дарылануудан өтө албай жатканын жазууда.
«Ага медициналык кароо керек. Көзүн дарылоого жана кан басымы үчүн керектүү бардык дары-дармектерди алып коюшкан. Андан тышкары, анын гастрити өөрчүп, ашказаны катуу ооруп жатат», — деп жазган Мерей Калиева фэйсбукта.
Укук коргоочулар казак укук коргоо органдарын байма-бай эле кыйноо жана жазалоочу психиатрия колдонушат деп айыптап келет.
Бийлик 2015-жылы июлда Чыгыш Казакстан облусунан дыйкан жана активист Едиге Батыровду кармаган. Ал жер участокторун тариздөөдөгү эреже бузуулар жөнүндө ачык айтып чыкканы үчүн «көз көрүнө жалган билдирүү» жасаган делип айыпталган.
Кармалгандан кийин ал психиатриялык экспертизага жөнөтүлгөн. Ал бир жарым ай психиатриялык ооруканада жатып, ал жердеги шартты «кыйноо» деп атаган. Натыйжада экспертиза анын акыл-эси ордунда деп таанып, ал эми сот Батыровду үч жылга кесип жиберген.
Ал эми жарандык активист Наталья Уласик Жезказгандын жергиликтүү бийлигин сынга алганы үчүн «жалганчылык» боюнча айыпталган. Соттук медициналык экспертиза ага «өнөкөт келжирек менен жабыркайт» деген диагноз коюп, 2016-жылы октябрда сот аны кооптуу кылмышкерлер кармалган Республикалык психиатриялык ооруканага даарыланууга жөнөткөн.
Бул окуядан кийин жарым жыл өтүп, клиниканын врачтары өзү Уласикти мажбурлап деле даарылоонун кереги жоктугун билдиришкен. Бирок сот бул тыянакты ишендирээрлик эмес деп атаган.
Эл аралык укук коргоо уюмдары, анын ичинде Human Rights Watch жана «Эл аралык мунапыс» уюму Тунгишбаевдин ишиндеги Казакстан менен Кыргызстандын бийликтеринин аракетин сынга алышкан.
Алар башка саясий камактагылар кармалган учурларда деле сын айтып келишкен. Бирок азырынча бул казак бийлигинин чечимдерине эч кандай таасир эте элек.
Тексттин үстүнөн иштегендер: Александра Титова, Айдай Эркебаева, Айдай Иргебаева, Дмитрий Мотинов, Бектур Искендер
Тунгишбаев жөнүндө билген адамдар көп болсун десеңиз, анда бул окуяны бөлүшүңүз.