«Чек арада таза адамдар иштешин каалайм». Аланов журналисттердин суроолоруна жооп берди

Чек арадагы мыйзамсыз иштерди айтып чыккан подполковник Талгат Аланов Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Улан Шаршеевди фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирде өтчү дебатка чакырган.

«7 каналдын» «Бетме-бет» программасы 29-январда дебат үчүн аянтча уюштурду. Бирок түз эфирге Шаршеев келген эмес. Телеберүүнүн алып баруучусу Азамат Абдиев «Клоопко» чек ара башчысы Алановдун коррупция тууралуу айткандары боюнча иликтөө аяктаганда дебатка келүүгө даяр экендигин кабарлаганын айтты.

«Шаршеевди түз эфирге чакырганыбызда, ал бизге чек арадагы мыйзамсыз иштерди иликтеп жаткан Аскер прокуратурасынын иликтөө иштеринин биринчи жыйынтыгы чыгаары менен дебатка чакырууну кабыл алам деп жооп берди», — деди Абдиев.

Ал эми телеберүүдө Аланов алып баруучунун жана көрүүчүлөрдөн келген суроолорго жооп берген. Биз андагы негизги суроолорго берилген жоопторду топтодук.

Аланов Эсен Кожогуловдон жүк ташуучу унааларды бекеттен өткөрүү үчүн 18 миң сом пара алганбы?

Мен ал кишини тааныйм. «Ак-Тилек» постунда иштеп жүргөндө контрабанда менен алектенип жүргөн. Мен анын жүктөрүн кармагам. Бул бала Чүйдөгү мамлекеттик чек арадагы үлүш акчаны чогулткан баланын айылдашы экенин билем. Бул баланы мага «подставной» катары билем, мага бир канча жолу келип акча сунуш кылган. Мен ага макул болбой, кайра жүктөрүн камакка алып, анын жүгүн «сбытты» чакырып аларга өткөрүп бергем. Ал бала мага 2000 сом бердим деп прокуратурага арыз жазгандан кийин, мени иштен алышкан. Ал сумманын саны иликтөөлөлөрдө прокуратурада болгон. Кийин мени мыйзамсыз иштен алгандыгы далилденгенден кийин мен кайра ишке орнотулгам. Эмнегедир ошол эле бала эми 18 миң сом алган деп атат. Аны мен «подставной» жак деп эсептейм. 18 миң сом алгандыгым туурасында далил жок.

Чек ара кызматынын жетекчисинин уруксаты жок Аланов 300 жолу чет жака чыкканбы?

Бул тууралуу ЖМКлар өтө көп сурады. Ушул фактыны жетекчилер «козырь катары» кармап алып, коопсуздук кызматтын кызматкерлери ушул ишти интернетке чыгарабыз деп мени коркутканы аракет кылган. Мен бул тууралу жооп берем деп аттым эле убакыт сааты келди окшойт айтып берейин.

Сыртка чыккандарым анык. Биринчи жолу Москвага чыккам, анан Тажикстанга чыккам, Тажикстан менен Москвага чек ара боюнча окууга чыгып келгем. Бир жолу Кытайга Хоргоско чыгып келгем. Досум жүк алып келели деп, жүк алып келгенбиз. Ал досум ишкер. Ошол жүктү алып келгенибизге ал мага Дубайда үч күнгө эс алууга жолдомо алып берген.

Калганы тиричиликтин артынан чыккам. Мени иштен алгандан кийин Казакстандын Кордайынан Дордойго чыгып жүргөм. Таксист болуп каттаганмын. Мени бир жыл төрт ай убактылуу иштен четтетишкен. Бул да мыйзамсыз деп эсептейм, себеби мыйзам боюнча 4 айга чейин эле четтетилиш керек. Төрт айда же ишке кайтарыш керек же жумуштан алыш керек эле.

Кийин генерал Тиленов ушуну билип калып, чакыртып, бардык башчыларды тизип, акаараттап, мени жумушка кайтарган. Мен ошол өтмөк постордон өтүп жүргөндө мени постогулар мазакташчу. Жолдош [под]полковник сиз такси кылып калдыңызбы деп. Мен силерге окшоп уурулук кылбай таза мээнет менен таап атам деп жооп берчүмүн.

Аланов чек арадагы коррупция тууралуу кандай максатта айтып чыккан?

Менин биринчи максатым бирөөнү ишинен кетирип, бирөөнүн ордун алып коюш эмес. Мамлекеттик чек ара кызматында таза адамдар иштешин каалайм. Мен 2017-жылы деле «Ак-Тилек» постунда иштеп ошол акчаларды алып отурсам болмок. 2015-2016-жылдары деле чек арадан көмүскө акчаларды алып жүрө берсем болмок. Мен өзүмдүн кызыкчылыгымды алдыга койбойм.

2016-жылы болгон кыскача окуяны айта кетсем. Академияны бүтүп келгенден кийин «Маданият» постуна башчы болуп калдым, анда мамлекеттик чек ара кызматкеринин төрагасы Дүйшөнбиев эле. Ошол төраганын «Маданият» постундагы айылдаштары мага ар кандай кысымдарды көрсөтүп атканда, Дүйшөнбиевге туура эмес маалыматтарды жеткиришип, Аланов коррупция менен алектенип жатат деп айтышкан.

Мага Дүйшөнбиевге чалыңыз дегенде, мен ага чалгам. Ага туура эмес маалымат жеткиришкендигин билип, ага түшүндүрүп айткам. Бул постто же ошол сиздин жердештериңиз башчы болсун, же мен дегем. Сени мен бөлүм башчы кылып дайындагам, сен көзөмөл кылгын деп өзү айткан. Өзү күбө, мен постто тартип орнотконмун, бир жумадан кийин келип, постторду көргөн. Мен ошондо баштасам болмок, же «Ак-Тилекте» баштасам болмок, менин эч кандай кызыкчылыгым жок.