Ош милициясы өзгөчө абалдын эрежелерин көзөмөлдөөнү күчөттү

Ош шаары жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендатуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, 31-марттан тарта милиция кызматын күчөттү. Буга байланыштуу Ош шаарынын ички көчөлөрүнө да блок-посттор коюлуп, унаалардын кыйымылына чектөө киргизилди.

«Урматтуу мекендештер! Себепсиз көчөгө чыгууну токтотолу. Өзгөчө абалдын тартиптерин так сактап, жеке коопсуздук чараларын, санитардык-гигиеналык эрежелерди бекем сактоону унутпайлы. [...] Өзүңүздүн, үй-бүлөңүздүн жана өлкөбүздүн келечегине кайдыгер болбосоңуз талаптарды так аткарып, үйдө отуруңуз!» — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Ошол эле маалда азык-түлүк сатып алууга, дарыканага жана ооруканага барууга мүмкүн деп айтылган. Анткен менен «Клооптун» журналисти калаада унаа менен азык-түлүк сатып алууга аракет жасаганда блок-посттон өтүүдө кыйынчылыкка кабылган. Ага күзөттө турган милиционерлер унаа менен жүрүүгө тыюу салынганын айтышып, азык-түлүк сатып алганы жөө барууга сунушташкан.

25-марттан тартып Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна жана Ош шаарына, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Жалал-Абад шаарында жана Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилген.

Ошондой эле бүгүн Бишкек шаарынын коменданты борбордун тургундары үчүн жаңы тыюулар киргизилгенин кабарлады. Анда жарандарга шаарда жеке унаа менен жүрүүгө жана жөө жүрүүгө тыюу салынды. Эми Бишкекте азык-түлүк жана дары-дармектерди жашаган жерден 1,5 киллометрден ашпаган аймакта гана сатып алууга болот.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция