Өзгөчө абал тартиби: Бишкектин коменданты тургундар үчүн жаңы чектөөлөрдү киргизди

Борбор калаанын комендатурасы 31-мартта Бишкекте өзгөчө абал тартиби күчүндө турган маалда калк үчүн жаңы тыюулар киргизилип жатканын кабарлады. Комендатурадан жаңы чектөөлөр шаардыктар карантин тартибин сактабай жатышкандыктан киргизилип атканын түшүндүрүштү.

Шаар ичинде жүрүүгө тыюу салуулар:

  • шаар ичинде жөө жүрүүгө жана жеке унаа менен жүрүүгө тыюу салынды;
  • туугандарга, досторго, кошуналарга ж.б. конокко барууга тыюу салынды;
  • бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнөн сырткары, үч адамдан көп топтор болуп чогулууга тыюу салынды;
  • жашы жете электерге чоӊ адамдардын коштоосу жок жүрүүгө тыюу салынды;
  • шаардын жашоо ишмердүүлүгүн камсыз кылгандардан тышкары, бардык уюмдар менен ишканалар ишин убактылуу токтотулду.

Анткен менен азык-түлүк алуу үчүн дүкөнгө чыгууга, итти сейилдетүүгө, ошондой эле дарыкана менен дарыгерге барууга уруксат бар.

Бирок бул жерде жаңы да чектөөлөр бар:

  • эми азык-түлүк жана дары-дармектерди жашаган жерден 1,5 киллометрден ашпаган аймакта жайгашкан дүкөн жана дарыканалардан гана сатып алууга болот;
  • үй жаныбарларын жашаган жеринен 100 метрден алыс эмес радиуста жана 30 мүнөттөн көп эмес убакыт сейилдетсе болот;
  • медициналык жайларга чукул кырдаалдарда гана барууга болот;
  • үйдөн адамдын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч туудурган күтүлбөгөн жана башка чукул учурларда гана чыгууга болот;
  • жумуштан алынган маалым кат бар болгондо гана жумушка барса болот жана ал уюмдун ишмердүүгү бекитилген тармактардын тизмесине кирген болушу абзел.

«Биз ушундай кадамдарга барууга аргасызбыз, анткени көчөдө бүгүнкү күнгө чейин өздөрүн жана башкаларды коркунучка кептеп аткан адамдар көп», — деп билдирди Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

Бийлик коронавирустун пандемиясынан улам 25-марттан тарта Бишкекте өзгөчө абал тартибин киргизген. 31-мартка карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун 107 учуру аныкталган. Ошол эле кезде Бишкекте COVID-19 жуктурган 9 адам аныкталган.

Бишкектин борбору унаа кыймылдары үчүн блокпосттор менен тосулганы менен автоунаалар шаардын башка аймактарына дээрлик ээн-эркин кирип-чыгып жүрүшөт.

Бишкектин комендатурасы калаада комендаттык саатты 20:00дөн тарта 7:00гө чейин киргизген. Бул убакыт ичинде көчөгө чыгууга тыюу салынат. Бишкекте комендаттык сааттын ар бир түнүндө тартипти бузган 100дөн ашуун адам кармалууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.