Ош шаарында беткапсыз жүргөн милиционерге эскертүү берилет

Беткапсыз жүргөн милиционер. Сүрөт: Айбике Адилет кызы 

«Клооптун» журналисттеринин бири 20-апрелде Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүндө беткапсыз жүргөн милиционерди жолуктурду. Калаага өзгөчө абал киргизилгендиктен мамлекеттик кызматкерлерге жана жарандарга беткап тагуу талабы коюлган.

Оштун комендатурасынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Аширбаевдин айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине беткаптар акысыз берилген. Ал эми шаарда баткапсыз жүргөн милиционер санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузгандыктан ага эскертүү берилет жана ал тартиптик жазага тартылат.

«Биринчи кезекте милиционер өзүн сакташ керек анан башкаларга зыян келтирбеши керек. Бул тууралуу мен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Муратбек Бороновго жөнөтөм. Бул кызматкердин өздүгү такталып жатат. Гигиены сактоо үчүн, ооруну жуктурбаш үчүн ошондой эле ооруну жугузуп албоо үчүн беткап таккыла деген талап бар», — деди Аширбаев.

Аширбаев белгилегендей, алгач беткап тагуу эрежесин бузгандарга эскертүү берилет. Эгерде ушул эле талапты кайрадан аткарбаса анда Жоруктар кодексине ылайык Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу беренесинин негизинде айыппул салынат.

Оштун коменданты Нурдин Маликов өзгөчө аймак киргизилген аймактарда беткапсыз жүргөндөргө айыппул салуу боюнча атайын буйрук чыгарган эмес. Муну комендатурадан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талабы менен түшүндүрүштү.

Аширбаевдин айтымында, алгач мамлекет жарандарды медициналык коргоочу каражаттар менен камсыз кылышы керек, андан соң гана милдеттендире алат. Ушундай эле пикирди буга чейин парламенттин жыйынында юстиция министри Марат Жаманкулов билдирген. Ал эгерде беткап сатыкта жок болсо, кантип айыппул салса болот деп суроо салган.

Бишкектин комендантынын буйругуна ылайык, коомдук жайларда беткапсыз жүрүү үчүн жарандарга 1 миң сом, юридикалык жактар үчүн 5 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Мурдараак «Кактус» басылмасында «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери Орозалиевдин буйругу кайсы мыйзамга таянып чыгарылганы түшүнүксүз деп билдиришкен. Себеби ал таянган мыйзамдарда беткап тууралуу сөз жок болгонун белгилешкен. Бирок ошол эле кезде өзгөчө абал тууралуу мыйзамда комендант ар кандай чечимдерди кабыл ала алат деп жазылганын айтышат.