УКМК укук коргоочу Камиль Рузиевди кармаганын билдирди

Сүрөт: IWPR

Материал жаңыртылып турат.

УКМК укук коргоочу Камиль Рузиевди кармады — ведомство аны алдамчылыкка жана документтерди жасалмалоого айыптап жатат, бирок бул аракеттерден жабыркагандар тууралуу эч нерсе билдирген жок. Укук коргоочу Каракол шаарынын убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилди.

Камиль Рузиев — калкка жардам көрсөткөн «Вентус» укук коргоочу уюмунун жетекчиси.

Аталган уюмдун ишмердигиндеги акыркы окуялар ЖМКлар тарабынан кенен чагылдырылып келген. Рузиев караколдук медиктердин жеке коргоону каражаттарынын жоктугу тууралуу даттанууларын бөлүшүп турган. Мындан тышкары, укук коргоочу сүйлөшкөн жигити экинчи кабаттагы балкондон ыргытып жиберген кызды коргогон. Ал ЖМКлардын көңүлүн шектүү адам милиция тарабынан дагы деле кармала элек экенидигине бурган.

Рузиев жана анын кесиптештери милициянын кыйноолорунан жабыркаган адамдарга жардам берет, ушундан улам ал бир нече жолу укук коргоо органдарынын кысымына кабылган.

Мисалы, 2015-жылы ал Кыйноолорго каршы улуттук борбордун алдындагы координациялык кеңешинин мүчөсү катары милиция тарабынан орун алган кысымдарды изилдеген. Ошондо Рузиевди өлүм менен коркутуп, андан укук коргоочулук ишмердигимди токтотуп, Каракол ТИЗОсундагы кыйноолорго даттанууларды изилдебейм деген тилкатты кыйноолор аркылуу алышкан. Укук коргоочуну кыйноого алуу боюнча иш токтотулган.

Рузиев 2019-жылы Ысык-Көл облусунун милиция кызматкеринин кыйноолорунан жабыркаган чет өлкөлүк жаранды коргогон, ал окуяда милицинер аны тапанча менен коркуткан. Кызматтык иликтөөдөн кийин милиционер кызматынан алынган.

«Саясий репрессияларга каршы туруу комитети» коомдук уюму Рузиевдин кармалышын дискредитациялоо деп атады.

«Калича Умуралиевага карата чагым кылуу аракетин жана караколдук активист Камиль Рузиевдин кармалышын жарандык коомдун эң жигердүү өкүлдөрүнө айкын кол салуу менен муниципалдык жана укук коргоо органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү ичинен ачып көрсөткөн адамдарды дискредитациялоо деп баалайбыз», — деп билдирди уюм.