Кара-Балтанын тургуну кызды экинчи кабаттан ыргытып жиберген деп шектелүүдө

Укук коргоочу Камиль Рузиев Кара-Балта шаарынын жергиликтүү тургуну кызды экинчи кабаттан ыргытып жиберди деп билдирди.

Анын айтымында, окуя 2020-жылы 15-февралда болгон. Шектүү киши кызды конокко чакырып, бир нече убактан кийин кызга туулган күнү менен куттукташ үчүн Орусиядан тааныштары чалган. Андан кийин мас абалындагы тургун кызганычтан улам кызды балкондон ыргытып жиберген.

«Ал менин мобилдик телефонумду тартып алып, сөгүп, батирдин ичинен артыман кубалап, токмоктоп баштаган. Алкоголдон тышкары, ал кандайдыр бир препараттардын таасири менен жүргөндөй сезилди. Анын көз карашынан, ур-токмогунан коркуп, батирден качып чыгууга аракет кылдым, бирок ал мени коё бербей жатты. Мунун баары таңкы саат төрткө чейин созулду. Бир кезде жашынайын деп балконго чуркап чыксам, артыман балконго келди. Менин колуман кармап алууга аракет кылган, түртүшүп жаттык, анан мени көтөрүп туруп балкондон ыргытып жиберди. Бир нерсени кармап калайын деп колумду созуп жатканым эсимде», — деп айтып берген жабыркаган кыз.

Жабыркаган 19 жаштагы Нина Манаева кыр арка сөөгүнөн оор жаракат алган. Операция жана бир нече айга созулган реабилитацияга карабастан ал дагы деле төшөктө болууда жана майып арабасына отуруп калышы мүмкүн.

«Кыздын апасы окуя болгон күнү дароо эле Жайыл РИИБне арыз жазган. Кылмыш иши козголду. Бирок бүгүнкү күнгө чейин соттук медициналык экспертизасы даяр боло элек, беттештирүү да боло элек», — деп айтып берди укук коргоочу.

Манаеванын айтымында, буга чейин шектүү адам күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурап, эгер жабыркаган кыз арызын чакыртып алса дарылануусуна жардам берүүнү убадалаган.

Азыр шектүү киши өзүн күнөөлүү деп эсептебейт жана жабырлануучу кулап кеткен учурда балкондо болгон эмесмин, ал өзү секирип кеткен деп айтууда. Учурда шектүү дагы деле эркиндикте жүрөт.

Чүй ОИИБинин маалыматы боюнча, окуя болгон түнү ал киши суракка алынганы менен ал «эч нерсе көргөн эмесмин» деп билдирген. Мындан тышкары, милиция шектүүнүн кошуналары да суракка алынганын, алар да ызы-чуу жана ур-токмоктун белгилерин байкашпагын кабарлашкан.

Милициядан жабырлануучуга карантин жана коронавирустан улам беттештирүү уюштуруу мүмкүн болбой жатат деп жооп беришкен.

Нина Манаева 11-майда президент Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жаздырып, мамлекет башчысынан ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранган.

«Тергөө органдары ушул күнгө чейин реакция кылышкан жок, эч кандай аракет көрүшө элек. Судмедэкспертизалар жок, эч кандай чаралар көрүлгөн жок», — деген ал.

Нина Манаеванын президентке видеокайрылуусу

Мындан тышкары, укук коргоочу Камиль Рузиев да өлкө башчысынын кабылдамасына электрондук кат жолдогон, бирок анын айтуусу боюнча, азырынча бул иште эч кандай жылыштар жок.