УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Сагын Самидин уулу Айэркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча парламенттик комиссиянын жыйынында «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновго материалы үчүн 100 миң доллар берилген деп билдирди.

*Али Токтакунов Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөө жүргүзгөн. Саймаити Токтакуновдун булагы болгон, анткени ал акчалардын изин жашырып иштеген. Саймаити журналистке бул каражаттын өлкөдөн чыгарылып кетишине бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин далилдеген документтерди берген.

«Биздин күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча, Саймати радио “Азаттыктын” журналисттерин колдонгон. [Абдукадырдан] жарым-жартылай акча өндүрүлгөндөн кийин “Азаттыктын” журналистине 100 миң доллар берилген. Азыркы фактыны такстыктаган эки күбө бар», — деди ал.

Анын айтымында, Саймаити Хабибулла Абдукадыр менен болгон жаңжалды чечип, карызын кайтарып алуу үчүн журналисттерди жалдаган. УКМКнын маалыматына ылайык, Саймаити менен Абдукадырдын ортосунда карама-каршылык жаралган. Натыйжада Абдукадырдын өкүлдөрү Саймаитиге 3 млн доллардан ашык доо коюшат. УКМКдан ошондой эле Саймаити доону мойнуна албай, тескерисинче, ага Абдукадыр карыз деп каршы доо койгонун билдиришти.

«Саймаити өзүнүн акчаларын Абдукадырдан өндүрүү максатында ар кандай ыкмаларды колдонгон. Бир нече күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар. Журналисттерди жалдап, журналисттер менен сүйлөшүп, ошол аркылуу басым көрсөтүү аракеттери болгон экен», — деп айтып берди Самидин уулу.

Самидин уулу күбөлөрдүн видео көрсөтмөлөрүн алып келүү үчүн жыйындан чыкканда «Азаттыктын» журналисти Токтосун Шамбетов ага Саймаитиден журналистке акча берилгени тууралуу далилдер барбы деп суроо узатты. Буга Самидин уулу күбөлөрдүн сөзүн тастыктаган документтер жок, көрсөтмөлөр гана бар деп жооп берди.

«Журналисттерди да сурайбыз, ошол үчүн тергөө деп аталат да, беттештирүү болот. Тастыкталдыбы же жокпу муну тергөө көрсөтөт», — деди УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы.

Күбөлөр эмне дешти?

Айэркен Саймаити

Депутаттардын суранычы менен УКМК күбөлөрдүн көрсөтмөсү жазылган тасманы алып келип көрсөттү.

Күбө Рустам Төлөбаев — 2018-жылы Мекке шаарында турфирмалардын биринде котормочу болуп иштеген. Ал ошол жылы Саймаити менен жолукканын кабарлаган. Анын айтымында, Саймаити ага журналисттерге интервью берээрин айткан.

«“Миллиондор изи” деген видео тууралуу сөз болду. Биринчиси болчу. Андан кийин Али менин досум болот деди. “Азаттыктын” журналисти мага жардам берип жатат, бул чыгармачылык эки бөлүм экен деп айтты. Экинчи бөлүмүн болсо “Али уруксат берүүмө карап анан чыгарасың” деди», — деп айтты Төлөбаев.

*Төлөбаев өз сөзүндө иликтөөдөгү маалыматтарды гана айтып өткөн. Мисалы, иликтөөдө Саймаити түрк жарандыгын алгандан кийин журналисттерге акыркы документтерди бериши керек болгон, ошондуктан иликтөө чыкпай турган. Бирок ишкердин документтерди берүүсүнө бир нече күн калганда ал киши колдуу болгон. Андан кийин журналисттер керектүү маалыматтарды таап иликтөөнү жарыялашкан.

Төлөбаевдин айтымында, «Азаттыкта» биринчи видео чыккандан кийин Саймаитиге аялы Вуфули Бумайлияму чалып, күйөөсү менен урушкан.

«Мени бул иштериңе аралаштырба, сен менин дагы өлүмүмдү каалайсыңбы? Мен сага керек болбосом, балдарыма керекмин, бардыгы жаш деди», — деп күбө Бумаилиамунун айткандарын келтирди.

Күбө билдиргендей, Вуфули күйөөсүн Али Токтакуновго берген документтердин арасында анын атына жазылган дүмүрчөктөр да болгону үчүн чатакташкан.

«Ал акча котормолор жөнүндө сүйлөдү, демек банктык документтерди жасалмалаган. Ал документерди “Азаттыкка” берген, өзүнүн айтышы боюнча. Ал жасалма документтерди түз эле берген “Азаттыктын” журналисти менен сүйлөшүп», — деди ал.

Күбөнүн айтымында, Саймаити документтерди журналист Али Токтакуновго Стамбулдан берген. Ошондой эле ал Саймаити Төлөбаев менен сүйлөшүүдө журналистти кызматы үчүн ыраазы кылаарын айткан дейт, бирок так сумманы атаган эмес.

Эркин Сопоков жана Саймаити

Экинчи күбө — Эркин Сопоков — Айэркен Саймаити Стамбулда киши болуп өлтүрүлгөн убакта Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу болгон. Саймаити атып өлүрүлгөн отелдин кафесинин жанында Сопоковдун унаасы табылган болчу.

*Кыргыз дипломатиялык миссиясы башында бул алардын автоунаасы экенин четке кагып, андан кийин гана мойнуна алышкан. Бирок Сопоков автоунаасы кантип Саймаити өлтүрүлгөн жерге жакын турганын түшүнбөй тураарын билдирген. Кийинчерээк активисттер Сопоков менен Саймаити тааныш экенин чогуу түшкөн сүрөттөрү аркылуу далилдеп беришкен. Саймаити менен дагы башка кыргыз аткаминерлеринин жана саясатчыларынын байланышы бар экени белгилүү болгон. Саймаитинин өлүмүнөн кийин Сопоков кызматтан алынып, ага карата үч кылмыш иши козголуп, ал үй камагына алынган.

Сопоков Хабибулла Абдукадыр Саймаитиге 800 миң долларга чукул акча карыз болуп калып, аны кайтаргысы келген эмес деп айтып берди. Сопоковдун айтымында, Абдукадыр бул акчаны Саймаитиге каражаттарды Өзбекстандан Кыргызстанга чыгарып берүү жумушу үчүн карыз болуп калган.

«Саймаити акчаны кайтаруунун жолун таптым деп айткан. “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов менен сүйлөшүптүр. 2018-жылы ал журналист менен Абдукадырга таасир этүү үчүн жана ал карызды кайтаруусу үчүн сүйлөшүп жатканын айткан. 2019-жылдын февраль-март айларында Саймаити чыгарылган акчалардын айрым дүмүрчөктөрүн Али Токтакуновго, ал иликтөөнү жарыкка чыгаруу үчүн даярдашы үчүн өткөрүп бергенин айткан», — деди Сопоков.

Сопоковдун айтымында, жыйынтыгында Саймаити Абдукадырдан 500 миң доллар алып, ушул акчадан 50 миң долларды Токтакуновго берген.

«2019-жылдын аягында Саймаити мага Али Стамбулга келип, ал ага 50 миң доллар бергенин айтып берген. [...] Биз ал ЖМК аркылуу мага карызды өндүрүүгө жардам берет деп макулдашканбыз. Мен ага 100 миң доллар беришим керек болот. Азыр 50 миң доллар берем, карызды толугу менен беришкенде, калган 50 миң долларды берем», — деди Сопоков.

Иликтөөчү журналисттер эмне деп жооп беришти?

Иликтөөчү журналисттин видеосу. Алып баруучу - Али Токтакунов

«Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Али Токтакунов «Азыркы учур» телеканалына курган маегинде Саймаитиден бир дагы цент албаганын билдирди.

«Мен Айэркен Саймаитиден бир дагы цент алган жокмун деп сотто да, бардык жерде да айта алам. Ооба, мен андан жүздөгөн документтердин түп нускаларын алгам, биз алар боюнча Кыргызстандагы көп катмарлуу коррупциялык схеманын бетин ачтык: акчалардын изин жашырууну, бийлик органдары аткезчиликти калкалаганын. Бийлик эмдигиче кандайдыр бир юридикалык чараларды көрбөй келет, биз коомдун көңүлүн ушуга бургубуз келет», — деди Токтакунов.

«Эркин Европа/Азаттык» корпорациясынын президенти Жейми Флай УКМКнын тергөөчүлөрүнүн билдирүүсүн «журналисттерди каралоо» деп атады.

«Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт. Матраимов мырза журналист Али Токтакуновду жана “Азаттыктын” кыргыз кызматын сотко берип, былтыр декабрда кызматыбыздын банк эсеби камакка алынып, кийинчерээк кайра чыгарылган. Биз чындыкты бурмалаган мындай аракеттерди айыптап, кыргыз бийлигин иликтөөгө катышкан журналисттердин коопсуздугуна коркунуч келтиргендерди жоопкерчиликке тартууга үндөйбүз», — деди ал.

Бул иликтөөнүн үстүндө иштеген OCCRP менен «Клооп» басылмасы УКМК «чоң масштабдуу коррупцияны жок кылуунун ордуна Саймити менен журналисттердин өзүн иликтөөнү артык көрдү» деп билдиришти.

«Атайын кызмат эки күбөнүн көрсөтмөсүнө таянган, алардын бири журналисттер жасалма документ колдонушкан деп божомолдогон, ал эми экинчиси “Азаттыктын” журналистинин жүрүм-туруму боюнча сын айткан. Эки айып тең ушакка негизделип, документалдык негизде тастыкталган эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Иликтөөчү журналисттер «иликтөөдөгү маалыматтардын тууралыгына толук ишенишерин» белгилешти. Ошол эле маалда иликтөөдө айтылган документтердин айрым бөлүктөрүндө шек санаткан жагдайлар бар болгонун кошумчалашты. Бул тууралуу иликтөөнүн өзүндө деле белгиленген: «Алардын түп нускалыгын тастыктоого мүмкүн эмес, ошондуктан алар жасалма болушу мүмкүн деген божомол калууда».

«Журналисттик иликтөөнүн жыйынтыктары бул документтердин ишенимдүүлүгүнө эч кандай жол менен таянбайт. [...] Журналисттин ылайыксыз жүрүм-туруму тууралуу ага карата айыптар чын же жалган болгонуна карабастан, алар иликтөөнүн мазмунуна эч кандай таасир этпейт. Бул иликтөөнүн үстүнөн иштөө айыптоолордо айтылган окуялар болуп өткөндөн кийин жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн өзү фактыларды ар тараптуу жана көз карандысыз текшерүү процессинен өткөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Журналисттер укук коргоо органдарын иликтөөчү журналисттерди Матраимовдордун үй-бүлөсү сыяктуу аңдуунун ордуна материалда ачыкталган коррупция тууралуу айкын далилдерди иликтөөгө чакырышты.

Айэркен Саймаити деген ким?

Айэркен Саймаити

Айэркен Саймаити — уйгур тектүү кытайлык бизнесмен — ал Кыргызстан аркылуу ири суммадагы акчаларды адалдоо тууралуу журналисттик иликтөөнүн негизги фигуранты.

Саймаити 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбул шаарында киши колдуу болгон. Бирок каза болгонго чейин ал Абдукадыр кланына акча адалдап берип жүргөнүн айтып берген. Анын айтымында, «көмүскө курьерлердин» жана банк аркылуу акча которуулардын жардамы менен беш жыл ичинде Кыргызстандан 700 млн долларга чукул акча чыгарылган.

Ал журналисттерге бул операцияларга бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун да тиешеси бар болгонун айтып берген. Саймаити Матраимов Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүн шарттаган бажыдагы коррупцияны колдоп турганын билдирген.

Курьерлер Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчасын Кыргызстан аркылуу эч тоскоолдуксуз «чыгарып», андан кийин Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму акчалардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө караштуу «Исмаил Матраимов» фондуна которуп турушкан.

Журналисттердин иликтөөсү коомдо резонанс жаратып, өткөн жылдын ноябрь айында бир нече миң жаран коррупцияга каршы тынчтык митингине чыккан. Чогулгандардын негизги талаптарынын бири — Райымбек Матраимовду камоо болгон.

Экинчи наарзылык акциясы Матраимовдордун үй-бүлөсү «Клоопко», «Азаттыкка» жана «24.kgге» (тизмедеги акыркы басылма болгону текстти өз сайтына кайра басып чыгарган) каршы 60 млн сомдун доо талап койгондон кийин өткөн. Акциянын катышуучулары бийликти ЖМКга басым кылууну токтотууга чакырышкан.

Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» басылмасына каршы койгон доосун чакыртып алышкан. Бирок «Клоопко» жана «Азаттыкка», ошондой эле журналист Али Токтакуновго карата доолорун калтырышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан аркылуу 700 млн доллардын изин жашырган Айэркен Саймаитинин окуясы