Матраимовдордун үй-бүлөсү 24.kgге койгон доосунан баш тартты

Текстин баштапкы версиясында «24.kg» төгүндөө жарыялады деп жазылган. Бирок басылманын редакциясы бул төгүндөө эмес, болгону аларда жазылгандын далили жоктугу тууралуу билдирүү деп ырасташууда.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн юристи Канатбек Азиз билдиргендей, анын кардарлары «24.kg» маалымат агенттигине каршы койгон 15 млн сомдук доосун чакыртып алды.

Анын айтымында, бул басылманын «далилдердин жоктугун моюнга алып», өз ыктыяры менен арыз чыгарганы менен байланыштуу.

«24.kg агенттиги “Контрабандалык схемалар Райым Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттердин иликтөөсү” аталышка далилдер жоктугун мойнуна алгандыгына байланыштуу, доогерлер материалдык дооматты артка чакырып алуу мүмкүн деп эсептешет», — деп айтылат доонун талаптарынан жарым-жартылай баш тартуу тууралуу арызда.

Доонун талаптарынан жарым-жартылай баш тартуу тууралуу арыз

«24.kg» арызды өз сайтында 27-январда жарыялаган. Арыздын текстинде маалымат агенттигинде «бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн аткезчиликке тиешеси болгон же болбогон делген материалдын аталышына далили жок» деп айтылат.

«Бул материалды жарыялап жатканда редакция “Азаттык” менен Kloopтун журналисттик иликтөөсүнүн ачык булактарындагы макалаларды негиз кылып алган. “24.kg” маалымат агенттиги иликтөө жүргүзгөн эмес, демек, иликтөөдө айтылган маалыматтарды ырастоочу материалдарга жана маалыматтарга ээ эмес», — деп айтылган арызда.

«“24.kg” менен Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн элдешүүсү биздин позицияга эч кандай таасир этпейт: биз матриалыбызда жарыялангандардын бардыгы анык экенине ишенебиз жана муну андан ары сотто далилдөөгө даярбыз. “24.kg” менен болгон жагдай Кыргызстандын ЖМКлары башка материалдарды басып чыгаруугдан коркуп кала турган кооптуу прецедент жаратып койгону абдан өкүнүчтүү», — деп окуяга комментарий берди «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн ЖМКларга каршы койгон доосу боюнча иштин кийинки сот отуруму 29-январда өтөт.

ЖМКларга каршы доо арыз

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын бир тууган агасы Искендер Матраимов жана алардын жубайлары, ошондой эле аларга таандык болгон «Исмаил Ата» коомдук фонду 10-декабрда «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларын сотко берген.

Басылмаларды сотко берүүгө «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP менен биргелешип чыгарган бажыдагы коррупция жөнүндө иликтөө себеп болгон. Райымбек Матраимов жана анын жубайы — бул иликтөөнүн фигуранттарынын бири.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттыктан» 22,5 млн сом, «Клооптон» 12,5 млн сом жана Али Токтакуновдон 10 млн сомкомпенсация өндүргүлөрү келүүдө.

Мындан тышкары, алар иликтөөгө эч кандай тиешеси жок, бирок андагы айрым фактыларды өз сайтына «Контрабандалык схемалар Райым Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттердин иликтөөсү» аталыш менен чыгарган 24.kg басылмасынан 15 млн сом компенсация талап кылышкан.

Матраимовдор иликтөөнүн жарык көрүшү Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян тийгизди деп эсептешип, соттон иликтөөдөгү айрым фактыларды жайылтууга тыюу салууну суранышкан. Анын ичинде материалдын авторлорунун ысымдарын ачыктоону талап кылышкан. Бирок сот алардын өтүнүчүн четке каккан.