Парламенттик шайлоо 2020. Ал кандай өтөт?

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоодо бардык санитардык нормалар сакталаарын, ал эми саясий партияларда парламенттик шайлоого катышуу үчүн билдирме тапшырууга он күн убактылары болоорун айтты.

«Биринчи кезекте жарандардын коопсуздугу эске алынат», — деди ал.

Шайлдабекова «Азаттыкка» курган маегинде саясий партиялар 24-августка чейин Боршайкомго талапкерлердин тизмеси менен башка керектүү документерди тапшырышы зарылдыгын кабарлады. Партияларды каттоо 3-сентябрда аяктап, ал эми 4-сентябрда үгүт кампаниясы старт алат.

Ал шайлоо мезгилинде эпидемиологиялык кырдаал эске алынып, бардык санитардык талаптар сакталаарын белгиледи.

«Атайын алгоритм да иштелип чыккан. Добуш берүү күнү өзгөчө көңүл бурулат», — деди ал.

Шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырууга 10 күн берилет

Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов 24.kgге шайлоого катышууну чечкен саясий партиялар 10 күн ичинде (3-июлду кошуп) БШКга тийиштүү арыздарды берип, комиссияга шайлоо жана каржы маселелери боюнча өкүлдөрүн жөнөтүшү керектигин билдирди.

«Шайлоо күнүнө 40 күн калганда партиялар съезд өткөрүшү керек, ал жакта депутаттыкка талапкерлердин тизмеси түзүлөт. Ошондой эле партиялар шайлоо фондун түзүп, беш миллион сом суммасында күрөө бериши керек», — деди Бекматов.

Ал эгер талаптардын бирөөсү гана аткарылбаса, анда партия каттоого алынбасын белгиледи.

Мындан тышкары Бекматов, партиялар өлкөдөгү эпидемкырдаалга байланыштуу концерт уюштуруп, шайлоочуларды спорт аянттарына чогулта алышпасын баса белгиледи, себеп дегенде массалык иш-чараларга тыюу салынган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-июлда «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалды. Шайлоону уюштуруу иштерин Боршайком камсыздайт.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, эми шайлоо босогосу 9дан 7 пайызга төмөндөтүлдү.