Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону 4-октябрга дайындады

Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгонун кабарлады.

Жарлыкка ылайык, парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалды. Шайлоону уюштуруу иштерин Боршайком камсыздайт.

Өкмөткө БШК бекитип бере турган смета боюнча шайлоо өткөрүүгө каражат бөлүп берүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде аткаруу бийлиги санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылышы керек. Мындан тышкары, министрлер кабинети Борбордук шайлоо комиссиясына киберкоопсуздукту камсыздоого көмөк көрсөтөт.

Башкы прокуратурага Конституциянын жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу тапшырылды. Ал эми жергиликтүү администрациялардын жана Бишкек, Ош шаарлардын башчыларына шайлочулардын тизмесин түзүү боюнча көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Шайлоо босогосун төмөндөтүү

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө кол койгон. Ага ылайык, эми шайлоо босогосу 9дан 7 пайызга төмөндөтүлдү.

Бул деген күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо партиялар шайлоочулардын добуштарынын жалпы санынын 7%ынан кем эмес добуш алышы керек дегенди билдирет. Буга чейин бул көрсөткүч 9% болгон.

Партиялардагы чаржайыттык

Шайлоодо партиялар үчүн шайлоо босогосун азайтуу тууралуу депутаттар үстүбүздөгү жылдын октябрында пландалып аткан парламенттик шайлоонун алдында кеп кыла башташты. Парламенттеги партиялардын жана анын тышындагы жагдайлар өлкөдө ар бир саясий бирикмеге учурда мыйзамда жазылгандай добуштардын 9% алууга кыйындык жаратаарын көрсөтүп турат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун айынан качандыр бир кезде бийликчил болуп турган КСДП партиясы учурда лидерлик позицияларын жоготуп койгон. Ал сот териштирүүлөрүнөн улам шайлоого катышпай да калышы мүмкүн.

Лидерлик позицияда турган аагы бир күчтүү — «Республика — Ата-Журт» партиясы да учурда башынан кризисти өткөрүүдө. Партияда чаржайыттык байкалып турат, анткени анын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон утулуп калгандан кийин саясаттан кеткен болчу. Ал шайлоо учурунда жана андан кийин да Жээнбеков менен Атамбаев кысым көрсөтүп, ага карата козголгон кылмыш иштерин аягына чейин чыгаруу менен коркутушканын билдирген. Учурда партияны Мирлан Жээнчороев жетектейт.

Учурда парламентте күчтүү партия жок, ошондуктан учурдагы депутаттар мүчө боло баштаган жаңы биригүүлөр пайда болду.

Мисалга, жакында эле Кыргызстандын алты саясий партиясы жаңы «Ата Мекен Жаңы дем» альянсынын алдында биригишкени белгилүү болду. Жаңыланган курам менен алар шайлоо кампанияларына катышып, 2020-жылы күздө өтө турган шайлоого даярдык көрүшөт.

Кызматташуу жана биригүү жөнүндө макулдашууга Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен»), Темир Сариев («Ак шумкар»), Рыскелди Момбеков (КСДП), Тилек Токтогазиев («Жаны Дем» жаштар кыймылы), Азамат Темиркулов («Кыргызстандын Жашыл альянсы») жана Жанар Акаев (КЛДП) кол коюшкан.

Жергиликтүү кеңешке шайлоолор коронавирус пандемиясынан улам өтпөй калган, бирок шайлоо өнөктүгүндө «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары алдыга озуп чыгышкан — бул партиялардын жетекчилерин бир жактан Матраимовдордун кланы менен, экинчи жактан Жээнбековдордун кланы менен байланыштырышат.

Булардан сырткары «Чоң Казат» кыймылы таанымал боло баштады, кыймылдын мүчөлөрү бай саясатчылардын бетин ачууну жана «уурдалгандарды кайтарууну» талап кылышууда.