ССМ өлкө дарыканаларын гепариндин 10 миң таңгагы менен камсыздоону убада кылды

Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) жакын арада өлкө аптекаларына «Гепарин» препаратынын 10 миң таңгагы келип түшөрүүн кабарлады — ал Өзбекстандан алынып келинет.

«Дипломаттар коңшу мамлекеттин бийлик органдары менен сүйлөшүү жүргүзүп, Кыргызстандын фармкомпанияларынын бирине керектүү препараттарды сатып алууда көмөктөштү. Өзбекстандык тарап жергиликтүү фармацевтикалык компанияга “Гепарин” препаратын берди, ал Наманган шаарындагы заводдо чыгарылат», — деп билдиришти ССМден.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, бул Өзбекстандан алынып келе турган препараттардын биринчи гана партиясы.

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов 14-июлда брифингде жакын арада Өзбекстандан «Гепариндин» 30 миң таңгагы күтүлүп жатканын кабарлаган болчу. Ал аталган препарат бир жуманын ичинде келип калаарын айткан.

«Биз [Өзбекстандын] өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен сүйлөштүк. Ал жакта “Гепарин” өндүрүлөт. Бир жума ичинде 30 миң таңгак алып келебиз», — деген Боронов.

Дары-дармектин тартыштыгы

Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директору Гүлмира Шакирова 15-июлда ССМ коронавирусту дарылоого арналган дары-дармектердин тизмегин кайра карап чыкканын билдирген.

Анын айтымында, Кыргызстандын фармкомпанияларына башка өлкөлөрдөн препараттарды «бай мамлекеттер сатып алып кетип жаткандыктан» буйрутма берип алдыртууга кыйын болуп калган.

Ал жарандар үчүн деп бир жылга сакталган дары-дармектердин камын кыргызстандыктар эки айдын ичинде сатып алышканын белгилеген. 1-июлдан тарта 14-июлга чейин өлкөгө «Клександын» 4 миң, «Линокстун» бир жарым миң жана бир нече сааттын ичинде сатылып кеткен «Гепариндин» 15 миң таңгагы алынып келинген.

«Кошумча Индия, Кытай, Пакистан жана КМШ өлкөлөрүнөн дары-дармек алып келүү маселелери иштелип жатат. Коронавирусту дарылоо боюнча дарылардын тизмегине киргизилген 56 позициянын ичинен 16 позиция боюнча тартыштык сакталууда. Калган 40 позиция жетиштүү санда бар», — деп билдирген Шакирова.

Ал медкаражаттар боюнча оксигенераторлорго, пульсоксиметрлерге, кычкылтек концентраторлоруна жана портативдик УЗИ аппараттарына тартыштык бар экенин белгилеген. Мындай препараттар менен меджабдыктар өлкөгө кирери менен эле тез сатылып кетет. Алар пневмония менен ооругандарды дарылоо үчүн керек, өлкө дарыканаларында аларды табуу кыйын.

«Сейчас KG» телеграм каналы 12-июлда «Неман» дарыканалар түйүнүнүн жанында «Гепарин» алууга келгендердин кезеги чогулганы тартылган видео чыгарган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 20-июлга карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун жалпы саны 27 143кө жетти. 13 109 бейтап айыгып чыкты. Коронавирус жана пневмония боюнча статистикалар бириктирилгенден кийин инфекция жуктуруунун саны өскөн.

Пандемия башталган күндөн бери коронавирустан жана ооруканадан тышкаркы пневмониядан 1037 адам каза болду.