Өлкө боюнча COVID-19дун жаңы 611 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 20-июлда коронавирустун жаңы 611 учуру катталганын кабарлады.

Жаңы учурлардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 300 учур. Ошондой эле Чүй облусунда — 92, Ош шаарында — 77, Ош облусунда — 55, Жалал-Абад облусунда — 36, Баткен облусунда — 34, Ысык-Көл облусунда — 12 жана Нарын облусунда беш кишиде COVID-19 аныкталды.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 27 143кө жетти. Бул көрсөткүч Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жана ал шарттаган ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооругандардын статистикасы бириктиргенден кийин дээрлик эки эсеге көбөйдү.

Коронавирус менен ооругандардын 13 109у айыгып, 1037 бейтап көз жумду. Учурда илдеттен 13 201 бейтап дарыланууда.