Сириянын аймагында жүргөн кыргыз кыз-келиндердин туугандары 3-августта Бишкекте акция өткөрүштү. Алар аялдарды Кыргызстанга кайтаруу өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.
Акциянын катышуучулары учурда Сириядагы «Аль-Хол» качкындар лагеринде жүздөн ашык кыргыз аялдары жүргөнүн жана алардын ар биринин бир нече балдары бар экенин «Азаттыкка» айтып беришти. Алардын айтуусу боюнча, туугандары бир нече жолу бийликтегилерге кайрылган, ал эми өкмөт жарандарды мекенине кайтаруу үчүн аракет көрүп жатканын айткан.
«Аль-Хол» — бул Сириянын түндүгүндө жайгашкан мурдагы ИГИЛ согушкерлеринин аялдарына арналган лагерь. Учурда ал күрд түзүлүштөрүнүн көзөмөлүндө. Ал жакта он миңдеген аялдар жана балдар, ошондой эле, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары бар.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2020-жылдын февралында Сириянын аймагындагы оор кырдаал азырынча Кыргызстандын жарандарын региондон репатрациялоо боюнча кандайдыр бир иш-чараларды уюштурууга мүмкүндүк берберин айткан.
2019-жылдын сентябрында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бийлик Сириянын өкмөтү менен кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы тууралуу кабарлаган. Өкмөттө Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Буга чейин кыргыз активисттери Ирак жана Сириядан 150 аял менен баланы Кыргызстанга өз алдынча алып келүүгө даяр экенин билдиришкен. Алар кайтып келген кыргызстандыктарды реабилитациялоого жардам берүүнү да убадалашкан.
Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, Сирияга болжол менен 800 кыргызстандык кеткен. Алардын бир бөлүгү каза болгон деп саналат, анткен менен аялдар жана балдар аман калган. Алар Сирия жана Ирактагы качкындар лагерине бөлүштүрүлгөн, бирок алардын так саны белгисиз.
Кыргызстандыктарды азгыруу менен жалдап алуунун туу чокусу 2014-2015-жылдарга туура келет. Бул убакытта жалдангандардын болжол менен 70%ы өлкөнүн түштүгүнөн кетишкен. Мунун себептери көп, бирок АКШнын Вашингтон шаарындагы Вилсон борборунда иштеген Борбор Азиядагы экстремизм боюнча эксперт Эдвард Лэмондун айтымында, Борбор Азиядан келген Орусиядагы эмгек мигранттары азгырма жалдоонун алдында өзгөчө алсыз болушат. Биринчиден, достордон, жакындардан обочолонгон жерде, тааныш эмес өлкөдө жашашат, мындайларды азгыруу оңой. Экинчиден, Орусиянын калкы тарабынан мигранттардын басмырланышы аларга «ыйык согушка» болгон муктаждык жогору болгонуна ишендирүүгө гана түрткү берет.
Ошол эле учурда көбүнчө ал жакка көчүп кетүү демилгесин эркектер көтөрүшөт, алар «ыйык согушка» өздөрү менен кошо жубайларын жана балдарын да алып кетишет.
ТЕМА БОЮНЧА: