Ош облустук ветеринардык инспекциясынын башчысы Орозбек Ибраимов «Клоопко» күйдүргү чыккан жерге атайын топ келип залалсыздандыруу иш-чаралары жүргүзгөндүгүн айтты. Буга байланыштуу учурда облус боюнча бардык мал эмделип жатат.
«Буга чейин таркатылган уйдун эти кайтарып алынып, аны союуда колдонулган бардык шаймандар өрттөлдү. Алар беш метр тереңдикте көмүлүп, анын үстү бетондолду», — деди Ибраимов.
Ошондой эле Ибраимов малды соёр алдында ветеренардан анда оору бар-жоктугу тууралуу тастыктама алуу зарыл экендигин кошумчалады. Эгер андай тастыктама алынбаган болсо мал ээсине жана жергиликтүү ветеринарга айып пул салынат. Анын айтымында, Ош облусунда күйдүргү жарасынын 315 очогу бар. Аны дарыгерлер жылына эки жолудан залалсыздандырып турат.
Мындан бир күн мурун 11-августта Ош облусунун Кара-Суу районунун Тогуз-Булак айылынын сегиз тургуну күйдүргү оорусуна шектелип бейтапканага жаткырылыган. Анын биринен сибирь жарасынын тери түрү лабораториялык жактан тастыкталган. Ошондой эле изилдөөнүн жыйынтыгында күйдүргү мал союлган жердеги топурактан да аныкталды.
Мындан улам Тогуз-Булак айылы 18-августка чейин карантинге алынып, мал алып кирип-чыгуу токтотулган.
Бейтаптар бир малдын этин жешкен. Малды союуга тогуз адам катышып, анын эти Тогуз-Булак, Талдык, Кызыл-Байрак жана Беш-Мойнок айылынын жашоочуларына таратылган. Саламаттык сактоо министрлиги жалпысынан этти жегендер жана алар менен байланышта болгондордун саны 285 адамды түзөөрүн кабарлады.
Күйдүргү оорусу кандай жолдор менен жугат?
Күйдүргү оорусу адамдардан жана малдардан сырткары, иттер жана мышыктарда кездешет, ошондой эле ылаң жапайы жаныбарлар арасында да болушу мүмкүн.
Сибирь жарасын таякча сымал микроб шарттайт — ал жер кыртышында спора түрүндө сакталат. Организмге киргенде өсүп-өнүгүп, көбөйөт жана организмди уулантат. Споралар тышкы чөйрөдө 100 жылдан ашык сакталат.
Күйдүргү оорусу — союлган малдардын ветеринардык көзөмөлдөөдөн өтпөгөндүгүнөн, малдардын эмдөөнү толук албай калгандыгынан, айыл чарба малдарынын миграциясынын көзөмөлдөнбөшүнөн, күйдүргү жарасынан өлгөн малга кун төлөнбөшүнөн улам жайылат.
Ал эми адамдарга сибирь жарасы ооруган малды багып кароодо, тейлөөдө чарба буюмдары аркылуу жана микробу бар топурактын, кыктын чаңы менен дем алганда жугат. Мындан сырткары оорулуу малды сойгондо, анын терисин сыйрыганда, этин устукандаганда, жүнүн кыркканда, эт жана сүт азыктарынын чала бышырып пайдаланганда да жугат.
Ошондой эле малдын этин, жүнүн терисин ташыган унаа аркылуу да, кээ бир учурларда ооруган маалда болгон көгөн адамды чакканда да жугушу мүмкүн.
Адамдар күйдүргүнүн үч түрү менен оорушат — көп учурда тери түрүндө. Тери түрүндөгү оору жуккандан кийин бир апта ичинде микроб кирген жерде кызыл так пайда болот. Ал кычышат. Так бара-бара какактанып, ордуна күйдүргүнүн карты пайда болот. Жаранын тегереги шишип, бейтаптын дене табы жогорулап, уйкусу начарлап, тамакка табити начарлайт. Жара жайылып, лимфа бездери чоңоёт.
Ал эми ичеги түрүндөгү формасы адамдарга эт азыктарын чала бышырып жегенде жугат. Ѳпкө түрүндөгүсү — ооруган малдын терисин жана жүнүн иштетүүдө, оорунун спорасы бар аба жана чаң менен дем алганда жугат. Ичеги жана өпкө түрүндөгү формасында өз убагында дарыланбаса өлүмгө алып келиши ыктымал. Ошондой эле өз алдынча дарыланууга болбойт.
Күйдүргү оорусун алдын алуу шарттары
- Күйдүргүгө каршы жыл сайын үй жаныбарларына эмдөө жүргүзүү;
- күйдүргүнүн очогу бар аймакта мал жайбоо;
- күйдүргүгө шектүү малды соёр алдында сөзсүз түрдө ветеринарга кайрылуу;
- малды багууда жана союуда жеке тазалыкты сактоо, атайын кийимдерди кийүү [алжапкыч, кол кап, өтүк], залалсыздандыруучу каражаттарды пайдалануу;
- күйдүргүдөн улам өлгөн жаныбарлардын өлүгүн эреже боюнча көмүү;
- күйдүргү оорусу аныкталган мал ээлерин дарыгерлердин көзөмөлгө алуусу зарыл;
- инфекция жуккан объекттерди залалсыздандыруу.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, күйдүргү оорусу үстүбүздөгү жылдын 22-июнуна чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун эки тургунунан аныкталган. Ооруга чалдыккан эки киши тең күйдүргү жарасынын тери формасы менен оорушкан. Ошондой эле өлкөдө оорунун булагы болгон жер-кыртышындагы күйдүргү жарасынын 557 очогу катталган.