Кара-Суу: Мал этин союп, бөлүп алган тургундар ооруканага түштү

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop.kg

Материал саат 19:57де жаңыртылды

Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында сегиз киши сибирь жарасын жуктурууга шектелип ооруканага түшүп,  бирөөсүндө ооруу лабораториядан тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

«11-августа карата орулуулардын абалы канааттандырарлык, алар тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат», — деп жазылат пресс-релизде.

Маалыматка ылайык, 25-июлда 9 адам мал союуга катышып, анын эти Тогуз-Булак, Талдык, Кызыл-Байрак жана Беш-Мойнок айылынын жашоочуларына таратылган.

Жалпысынан этти жегендер жана алар менен байланышта болгондордун саны 285ти түзгөн. Ошондой эле мал союлган жерден алынган топурактын үлгүлөрү лабороториялык изилдөөдө сибирь жарасына карата оң жыйынтык берген.

Мындан сырткары аталган аймакта 18-августка чейин карантин киргизилгени белгилүү болду — аймакка кирип-чыгууга жана мал-жандык алып чыгууга тыюу салынат.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, милицияга окуя боюнча учурда расмий түрдө кайрылуу түшө элек.

«Жарандар союп жатканда малдын оорулуу экенин билбеген болушу да мүмкүн. Эгер билип туруп, атайын союп тараткан болсо анда ошого жараша тийиштүү иштер жүргүзүлөт», — деди ал.

Ал учурда дайындалган тиешелүү эскпертизанын жыйынтыгын күтүп жатышканын кошумчалады.