Видео: «Ата-Журт» менен «Республика» бириккендиктери тууралуу расмий билдиришти

Оппозициялык «Ата-Журт» жана «Республика» партиялары «Республика — Ата-Журт» партиясына биригишти. Жаңы партиянын башкы максаты конституциялык, экономикалык жана билим берүү реформаларын жасоо.

Партиялар расмий түрдө 20-октябрда Бишкекте биригишти — курултайда партия лидерлери «Республика — Ата-Журт» деп аталган жаңы партияны түзүүнүн конкреттүү максаттары менен себептерин айтышты.

«Республиканын» лидери, мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун айтымында, «Ата-Журт» менен биригүү чечими «жеңил болгон жок».

«Мен бир нече айдын ичинде түрдүү партиялардын лидерлери менен жолуктум, анан мына биз «Ата-Журт» менен биригип жатабыз. Бул чечимге келүү мен үчүн жеңил болгон жок», — деп билдирди Бабанов өз сөзүндө.

«Ата-журтчулардын» лидери Камчыбек Ташиев «Ислам мамлекети» менен Кыргызстанда «Майданды уюштуруу боюнча сценарийлер» коркунучу алдында өлкө биригиши керектигин билдирди.

Өз сөздөрүндө эки лидер тең реформаларды жасоо керектиги тууралуу билдиришти. Башкы багыттар катары алар — конституциялык, экономикалык жана билим берүү реформаларын тандап алышкан.

Бабановдун айтымында, конституциялык реформада чечим кабыл алып жаткан адамдарга алардын чечимдери үчүн жоопкерчиликти бекитүү каралат.

«Депутаттар натыйжасыз, өкмөт тез-тез алмашып жатат, болгону президент гана бир нерсе кылып жатат. Биз парламентти эки палаталуу кылууну сунуштайбыз: 65 депутаттан турган Жогорку палата жана 474 депутаттан турган эл өкүлдөрүнүн чогулушу, алардын бардыгы аймактардан болушат да жылына эки жолудан чогулушат», — деди ал.

Ташиев «парламенттик башкаруу формасындагы эксперимент оңунан чыкпагандыгын» кошумчалады. Анткен менен анын бул сөзү менен — президенттик башкаруу формасына кайтып барууну же аралаш башкаруу формасын түзүү керектигин айткысы келгендиги азырынча түшүнүксүз.

Бабанов экономикалык реформанын максаты чиновниктердин, текшерүүчү жана фискалдык органдардын санын азайтуу, салык жүктөлүшүн жеңилдетүү жана бизнести өнүктүрүү болорун айтты. «Республиканын» лидеринин айтымында, Кыргызстан үчүн башкы ориентир Сингапур болушу керек.

Лидерлердин айтымдарында, билим берүү реформасы өз ичине мугалимдерди каржылоону жакшыртуу жана алардын квалификациясын жогорулатууну камтыйт.

Бабановдун айтымында, азырынча партия Юстиция министрлигинен каттоодон өтө элек.

«Ата-Журт» менен «Республиканын» биригиши болжол менен 2015-жылдын күзүнө белгилене турган парламенттик шайлоолордун алдында ишке ашты.