Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 200 килограммдан ашык баңгизатын өрттөштү. Акция Эл аралык баңгиликке каршы күрөшүү күнүнө арналды.

Баңгизатка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери 26-июнда 65 килограмм героин, 109 килограмм гашиш жана 56 килограмм опиат — жалпысынан 231 килограмм жеңил жана оор баңгизатын өрттөштү.

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, баңгизаттары экспертиза менен соттун чечиминен кийин өрттөлөт. Аталган башкармалыктын башчысы Алымжан Козубаев 2014-жылы мекеме кызматкерлери тарабынан 14 тоннадан ашык баңгизаты алынгандыгын билдирди.

«Кечээ баңгизатын саткан экспертти кармадык. Ал ага экспертиза үчүн жөнөтүлгөн баңгизатты катып алып, ИИМге өткөрүп берүүнүн ордуна жашыруун рынокто сатып келген», — деди Козубаев.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн айтымдарында, Кыргызстанга баңгизаттардын көбү Ооганстан менен Пакистандан алынып келинет.

Текст: Азамат Кубанычбек уулу, Камбар Асан уулу