Камакта дээрлик төрт жыл отурган Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев №47 абактан эркиндикке чыккандан кийин алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү. Ал сотто өзүнүн күнөөлүү эмес экенин далилдөө ниети бар экенин билдирди.

Экс-мэр Нариман Түлеев сотто өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөө ниетинде. Анын айтымында, кытай автобустары тууралуу иш боюнча аны Кытайда актап чыгышмак.

«Эркиндикте болуп, күнөөлүү эмес экендигим тууралуу документтер колумда тургандан кийин мен мындан ары да соттошууну улантам. Кытайдын Коопсуздук кызматы, ИИМи, Юстиция министрлиги биздики туура экенин ырасташты. Ошентсе да мени соттошту, мен отуруп чыктым, соттун чечимин аткардым», — деди ал.

Түлеев анын жактоочусу Кыргызстандын жарандык сотуна доо арыз менен кайрыла тургандыгын белгиледи. Бирок ал анда «адилеттүүлүккө жетишпесе», анда эл аралык сотторго кайрылуу ниетинде.

«Мага өтө уят болот. Менин айыман кыргыз элинен бир нерсесин тартып алышын каалабайм», — деди ал ишти эл аралык сотторго жеткирүүнү кааластыгын белгилеп.

Нарымбаевдин иши тууралуу

Түлеев «бардык душмандарын кечиргенин жана алардан өч алуу ниети жок экенин» билдирди. Бирок ал кызы Назгүл Түлеевадан акча талап кылгандыгы үчүн соттолгон Данияр Нарымбаев менен соттошууну улантат.

«Нарымбаев мен абакта отурганда келген. Бирок ал акча жөнүндө гана ойлойт. Нарымбаев мырза Кылмыш-процессуалдык кодекстин бардык канондорун бузууда. Менин атамдын каза болушунан жана менин абакта отурганыман пайдаланып ал мага өз шарттарын таңуулаган. Бирок эгер мен ал шарттарга макул болсом, анда мен абактан эбак элек чыкмак болушум керек», — деди ал.

Түлеевдин айтымында, ал Нарымбаевден кызы Назгүл берген 50 миң долларды талап кылбайт деле болчу, «бирок анын бир туугандары өзүлөрү чуу көтөрүп башташкан».

«Нарымбаевдин жолу болду десем болот, анткени ал акчаны алып жаткан жеринен кармалган жок жана соттун биринчи баскычында ал акчаны алуу тууралуу айыптоолор жок болду, анда кеп $100 миң талап кылуу жөнүндө гана болгон. Хаджимурат Көркмазов анын күнөөлүү экенин дароо айтты. Кийин кызым ишти түшүнбөмүш болуп, сотто өз дооматтарынан баш тартсын деп Нарымбаев мени менен байланышуунун жолдорун издеп баштады. Анан Нарымбаевдин өзү эле кайра ал акчаны кайтарып алууга аракет кылган», — деди ал.

Тема боюнча: Сот Нарымбаевди 3 жылга, Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды

Азыр анын жактоочулары сотко өтүнүч кат даярдап жатышат.

«Мен кызыма акчаны кайтарып беришсин деп өтүнүч кат менен кайрылам. Анан да сыртта каатчылык болуп жатпайбы», — деди ал.

Президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев Түлеевдин кызы Назгүлдөн 200 миң доллар талап кылгандыгы үчүн «Алдамчылык» беренеси менен 2015-жылдын 27-ноябрында соттолгон.

Мунапыс тууралуу

Нариман Түлеев №47 түзөтүү абагында өзүн «ашыкча отурду» деп эсептейт.

«Орустарда «казнить нельзя помиловать» деген макал бар. Эгер менин ишимде үтүрдү туура эмес коюп коюшканда мен бул жакта отурбайт болчумун. Менин мунапысымды 2,5-3 ай микроскоп менен карашты. Эгер мунапысты туура эмес караган болсо, анда ал адамды кызматтан алышмак», — деди ал абакта эки ай ашык отурганын кошумчалап.

Экс-мэр кайра абакка камалуудан коркпостугун айтты.

«Эң коркунучтуусу — бул тергөө абагындагы алгачкы эки мүнөт. Анда да өзүнчө жашоо, мен андан коркпойм. Мени туугандарымдын жарандык сотто чындыкты издеп жаткандыктары үчүн камашат деп ойлойбойм», — деди ал.

Мүлктөрү туурауу

Нариман Түлеев мамлекетке 60 млн. сом өлчөмүндөгү айып пул төлөп бергенден кийин эркиндикке чыкты. Алардын 14 миллион сому акчалай, калган 46 миллиону мамлекетке өткөрүлүп берилген 11 батирдин эсебинен төлөнгөн.

«Эгер биз [Түлеевди күнөөсүз деп табуу боюнча сотто] утуп чыксак, мен төлөнгөн акчаларды кайра сурабайм. Убада берем. Биз батирлер менен төлөп, ал батирлер мугалимдерге жана башка бюджетте иштегендерге кетет деп жазып бердик», — деди Түлеев.

Ал туугандарынын мүлктөрү, анын ичинде «Караван» соода комплекси мамлекет тарабынан конфискацияланбагандыгын кошумчалады.

«Ал объектилер боюнча соттор уланып жатат. Биз адилеттик орноп, бардыгын сот аркылуу кайтарып алуу үчүн акырына чейин аракет кылабыз», — деди экс-мэр.

Түлеев мүлкү конфискациялангандан кийин акчасыз калбастыгын билдирди, бирок өз капиталынын өлчөмүн айтуудан баш тартты.

«Менин канча байлыгым бар экенин кантип айтам? Бирок биз көчөдө калбайбыз, адамдар жашап атышат го», — деп белгиледи ал.

Меценаттык иши тууралуу

Түлеев Бишкектеги Түштүк магистралды курганын журналисттердин эсине салды.

«Түштүк магистралдын сметалык баасы 236 млн. сом болгон, бирок ал бекер курулган. Менин акчама эмес, а досторум жардам беришкен», — деди ал.

Экс-мэр анын соттолушуна себеп болгон автобустарды өз акчасына деле алып келмектигин кошумчалады.

«Мен ал автобустарды жеке негизде алып келип бизнес жасап алсам деле болмок, бирок биз аларды шаарга алып берүүнү чечтик. Мен темир жолдо [Түлеев 2005-жылдан 2008-жылга чейин «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын башкы директору болгон] да локомотивдерди бекер сатып алгам, анда да жеке бизнес уюштуруп, акча тапсам болмок», — деп билдирди Түлеев.

Экс-мэр ошондой эле жаза мөөнөтүн өтөгөн №47 түзөтүү абагына жардам бергенин да ырастады.

«Футбол талаасын, спорт зал куруп бердим. Мен аларга жардам бергендиктен улам абройлуу болчумун. Юридикалык маселелерде жардам бергем. Акчалай жардам бергем. Мен жолугушу бөлмөлөрүн оңдотуп, адамдык шарттарды түзүп бергем. Менин каалоом болсо башка абакка которулуп, ал жактагы шарттарды да жакшыртмакмын», — деди ал.

Саясат тууралуу

Түлеев жакынкы убактарда саясатка кайтып келүү планы жок экенин билдирди.

«Президенттик шайлоодо мен татыктуу талапкерди колдойм. Шаардык кеңешке катышаар-катышпастыгымды убакыт көрсөтөт. Өзүмдү, үй-бүлөмдү бутуна тургузуп алуу үчүн мага бир аз убакыт керек», — деди ал.

Экс-мэрдин айтымында, алгач ал өзүнүн ден соолугун калыбына келтирип алышы зарыл.

«Мен атамды жоготтум, азыр апам тура албай жатат. Биз бирге тамактанабыз. Ал дээрлик менин колуман тамак жейт, качандыр бир кездерде мен да анын колунан тамак жегем. Эгер апам турса текшертүү үчүн Германияга алып кетем», — деди ал.

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев 7-майда мунапыс боюнча эркиндикке чыккан. Жалпысынан ал абакта 3 жыл 11 ай камакта болду. Түлеев Кытайдан автобустарды сатып алууда коррупциялык иштерге барган деген айып менен 2013-жылдын 29-июлунда 11 жылга эркинен ажыратылган.

Со-автор: Айжамал Мураталиева