Кыргызстандагы алгачкы IMAX-кинозалынын ачылышы экрандарга «Стартрек: Чексиздик» тасмасынын чыгышы менен белгиленди. Kloop.kgнин кабарчылары жаңы кинозал жөнүндө кандай ойдо экендиктерин билүү үчүн тасманын көрүүчүлөрү менен маектешишти.

21-июлда Бишкекте Кыргызстандагы эң алгачкы IMAX 3D форматындагы кинозал ачылды — анда «Стартрек: Чексиздик» тасмасынын премьерасы көрсөтүлдү.

Тасманы аталган форматта алгачкылардан болуп көргөн бишкектиктер жалпысынан анын үнү менен сүрөттөлүшүнүн сапатына ыраазы болгондуктарын билдиришти.

Алима аттуу көрүүчү ага кинозалдагы экрандын көлөмү жакшы таасир калтырганын айтты.

«Экраны абдан чоң болду. 3D дагы — ал өтө жакшы таасир калтырды», — деди ал.

Ниет IMAX-кинозал тарабынан түзүлгөн «чөмүлүү эффектисине» ыраазы экенин билдирди.

«Сүрөттөлүшү кыйла даанараак, чөмүлүү эффектиси да бир топ жогорураак болду», — деген пикирин билдирди ал.

Анын айтымында, жаңы зал ага жакшы таасирлерди калтырды — өзгөчө ал үнүнүн сапатына ыраазы болгонун белгиледи.

Азиз аттуу көрүүчү Бишкекте IMAX-кинотеатрынын пайда болушун — өлкө үчүн алдыга жасалган кадам деп эсептейт.

«Өлкөбүздүн ушинтип өнүгүп жатканы мен үчүн абдан жагымдуу. Бул деген Кыргызстан бир жерде турбастан өнүгүп жатат дегенди билдирет», — деди ал.

Тема боюнча: «Стартректин» баян жана труба менен аткарылган башкы обону

IMAX-кинозалы Cosmopark көңүл ачуу борборунда ачылды. Анын расмий ачылышы 20-июлда болгон.

IMAX компаниясынын вице-президенти Жон Шрайнер жаңы кинозалга арналган маалымат жыйынында сүйлөп жатып IMAX технологиясында кандайдыр бир өзгөчөлүктү бөлүп кароого болбой турганын билдирди.

Айтымында, анда биринчи кезекте «сапаттуу сүрөттөлүшү менен үнү» башкы ролду ойнойт.

«IMAX системасындагы эң башкы нерсе  — бул анын бүткүл дүйнө жүзүндө макулдашылып, бир түргө келтирилгендиги. Биз бир эле динамикаларды, экрандарды жана проекциялык системаны колдонобуз, андыктан силер «стандартту эмес» бир нерсе албайсыңар. Тактап айтканда, Бишкектеги кинозалда Америкадагы эле колонкалар орнотулат», — деди IMAX компаниясынын башкы техникалык адиси Патрик Чуа.

IMAX (Image Maximum — «Максималдуу сүрөттөлүш») — башкы өзгөчөлүгү экрандын көлөмү менен формасы болгон үч өлчөмдүү сүрөттөлүш технологиясы. Бишкектеги кинозалда туурасы 21,5, а бийиктиги 12 метрди түзгөн экран орнотулган.

Бишкекте ачылган IMAX-кинозалы Борбордук Азиядагы экинчиси болуп эсептелет. Алгачкысы 2010-жылы Астанада пайда болгон.

Авторлору: Алина Пак, Марат Абдыкалыков.
Видео: Азат Рузиев, Даниил Ляпичев, Эмиль Джуманов.