21-июлда легендардуу «Стартрек: Чексиздик» киноэпопеясынын кезектеги бөлүмү кинопрокатка чыкты. BroZeroS тобу атайын Kloop.kgнин окурмандары үчүн оригиналдуу сериалдын башкы обонун аткарып беришти.

BroZeroS тобу:

  • Эмил Паризов — труба;
  • Дмитрий Мокроусов — баян;
  • Артем Соболев — баян;
  • Карим Батабаев — бас;
  • Виктор Боос — барабан.

«Стартрек: Чексиздик» — «Жылдыз жолу» фантастикалык франшизанын он үчүнчү толук метраждуу тасмасы. Бул Кыргызстанда IMAX форматында көрсөтүлгөн алгачкы тасма.

Оригиналдуу «Жылдыз жолу» сериалынын алгачкы сериясы экрандарга 1966-жылы чыккан. Андан бери франшиза алты телесериал, он үч толук метраждуу тасма жана көптөгөн компьютердик оюндар менен китептерге чейин өсүп жетти.

2017-жылы CBS каналы экрандарга сериалдын уландысын чыгарууну пландап жатат.

Видео: Александра Ли, Азат Рузиев, Тилек Бейшеналиев, Арсений Мамашев, Дмитрий Мотинов