Садыр Жапаров Камбар-Ата-2деги майнинг Алексей Ширшовдуку экенин ачыктады. «Клооп» муну үч жыл мурда жазган

25-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында, президент Садыр Жапаров энергетика тармагындагы бакиевчил коррупциялык схемалардын автору Алексей Ширшовду кезектеги жолу мактап өттү.

«Ширшов 2005-жылдан 2010-жылга чейин, Бакиевдер качып кеткенге чейин Максимдер менен өнөктөш болгон, өзүңөр билесиңер аны», — деп билдирди өлкө башчысы Токтогул районунун тургундары менен жолугушуу учурунда. — Энергетика системасын алар менен чогуу башкарышкан. Чындыгында уурдаган алар. Трансформаторду 100 миң долларга алып келип, аны 1 миллион долларга баалап, ортодон акча алышкан».

Бакиевдердин тушунда Алексей Ширшов «Түндүкэлектр» жана «Электр станциялары» мамлекеттик компанияларынын финансы боюнча директору болгон. Аны менен катар, Максим Бакиевдин эң жакын досторунун бири деп саналчу. 2010-жылы ал өлкөдөн чыга качкан. Садыр Жапаровдун айтымында, чет өлкөдө жүргөндө Орусия жана Европадагы аты-жөнү так айтылбаган олигархтар менен бизнес жасап бутуна турган.

Өлкө башчысынын айтымында, 2021-жылы Ширшов мекенине кайтып келип, Бакиевдердин байлыгын айрымдарын мамлекетке алууга жардам берген. 2022-жылы Ширшовду алгач УКМК коррупция иши үчүн кармап, кийин сот үй камагына чыгарганда, Садыр Жапаров Ширшовго карата ачык кылмыш иши жок экенин, ал издөөдө эмес экенин айтып чыккан.

Эми болсо президент мамлекеттик «Камбар-Ата-2» электростанциясында майнинг курууну ага өзү сунуштаганын айтууда.

Жапаров «Камбар-Ата-2нин» 120 МВт кубаттуулугунун 90 МВты Кыргызстандын энергосистемасына кетсе, калган 30 МВт электр өткөргүчтөрү менен трансформаторлордун күчү жетпегендиктен ортодо калып келгенин элдин эсине салган. Ошол себептен президент Жапаров Ширшовго 30-35 миң доллар акча салып, камоодо калып аткан 30 мегаватты майнингге колдонууга көндүргөнүн айтат.

«4-5 жылда актайсыңбы десем, актайм дейт. Анда 4-5 жылдан кийин [майнинг ферманы] мамлекетке өткөрүп бересиң, калтырып кетесиң бекер деп мен курдургам аны. Азыр эки жыл өттү, дагы 2 же 3 жылдан кийин жүз пайыз Улуттук электрстанциялардын баласына таштап кетет», — деп билдирди Жапаров.

Президенттин бул билдирүүсү «Клооптун» 2023-жылы июлда жарыкка чыккан, «Жапаровдун өкмөтү электрди Бакиевдер менен байланышы бар фирмага арзыбаган акчага бергени турат» деп аталган иликтөөсүндөгү маалыматтарды кезектеги жолу тастыктады. Анда биз Минкабдын 2023-жылдын 16-июнундагы №303 деп аталган жашыруун токтомун таап чыкканбыз. Ага ылайык, Алексей Ширшовго кыйыр байланышы бар «МБТ Строй» компаниясы «Камбар-Ата 2нин» 30 МВт энергиясын майнинг үчүн колдонууга уруксат алган.

Бул документ мамлекеттин электр энергиясын майнинге колдонууга тыюу салган талапты бузат. Ошол кезде эле «Клооп», баары аз келгенсип «МБТ Строй» электрдин 1 кВт саатын 60 тыйындан аларын аныктаган. Бул карапайым калкка сатылган баадан алты эсе арзан. Болбосо ошол учурда Кыргызстанда майнерлер үчүн тариф 1кВт саат үчүн 5 сомдон ашып турган. Азыр Садыр Жапаров бул тууралуу айтпай жатат.

2023-жылы 6-июлда Кыргызстандын Энергетика министрлиги «Клооп» жарыялаган маалыматтар так экенин тастыктап, «МВТ Строй» «Камбар-Ата 2нин» 30 МВтын 10 жыл колдонорун кошумчалаган. Бул бүгүнкү күндөгү Садыр Жапаров айтып жаткан төрт-беш жыл деген маалыматка каршы келет.

Минкабдын ошондогу токтомуна ылайык, Ширшовдун майнинг компаниясы «Камбар-Ата 2нин» инфраструктурасына модернизация жасамак. Так айтканда — жаңы электр өткөргүчтөргө (ЛЭП) жана камалып калган 30 МВт энергияны чыгарып, өлкөнүн энергосистемасына кошуу үчүн трансформаторлук подстанция курууга инвестиция салмак. Ал кезде өкмөт инвестициянын көлөмүн 1,5 млрд сом деп баалаган болчу.

Бирок 2025-жылы жай айларында «Клооп», ГЭСке жаңы трансформатор орнотуунун ордуна «МБТ Строй» 20 жыл колдонулган трансформаторлорду коюп, баасын 34 эсе кымбат айтканын аныктап чыккан. Бул Садыр Жапаров 25-октябрда Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда эскерген «Трансформаторду 100 миң долларга сатып алып, мамлекетке бир миллион доллар деп өткөрүшкөн» деген бакиевчил схемаларга окшоп кетет. Жана президенттин Алексей Ширшов менен энергетикада көмүскө схемаларды жасабайбыз деген убадасын түздөн түз бузат.

Ширшов чындап эле «Камбар-Ата 2» ГЭСнин камоодогу 30 МВтын чыгарып, өлкөнүн энергосистемасына кошуу үчүн жаңы электр өткөргүчтөрүн курдубу же жокпу, президент ачык айткан жок. Өлкө башчысынын сөзүнөн улам, ошол 30 МВт энергия Максим Бакиевдин мурдагы досу жана өнөктөшү Ширшовго бекер эле, майнинг иштетүүгө берилген деп тыянак чыгып жатат.

Президент Алексей Ширшовдун майнинг схемаларын актап жаткан чакта, өлкөдө электр энергиясына болгон тартыштык күчүндө.

«Азыркы учурда бизди 5 киловаттка такап койдуңуздар: 5 киловатт лимиттен ашып кетсе жарык өчүп калат, — деп кайрылды, 25-октябрда Садыр Жапаровго Токтогул районунун жашоочусу. — Эгер мүмкүнчүлүк болсо ушул чектөөнү алып койсоңуздар, же лимитти кичине көтөрүп берсеңиздер».

Жооп катары Садыр Жапаров чогулгандарды дагы бир-эки жыл чыдап, жаңы электростанциялар курулгуча күтүүнү суранды.