Бактыбек Молдалиев «Клооптун» материалдарын бөлүшкөнү үчүн соттолдубу? Катын окуп көрүңүз

Укук коргоочу Рита Карасартова Бактыбек Молдалиев аттуу кыргызстандыктын ТИЗО-1ден жазган катын жарыялады. Молдалиев катта мурда соцтармактарга жемкорлор тууралуу жазып келгенин айтат. Андан соң 2026-жылы май айында кармалып, массалык башаламандыктарга ыктымал чакырык жасоо боюнча кылмыш иши козголгон.

Кийин «“Клооп” сайтындагы маалыматты» бөлүшкөн деген шылтоо менен экстремисттик материалдарды таркатууга айыптала баштаган. Молдалиевдин катын толугу менен жарыялайбыз.

Мен Бактыбек Молдоалиев, СИЗО-1 ден кат жолдоп отурамын.
Мен саясий тузакка түшүп 2026-жылдын 8-майынан бери абакта отурамын.
Алгач «Массалык башаламандыкка чакырык» 278-беренеси менен кылмыш ишин козгошуп, 2 айга камакка алышкан.

Менин жазган пикирлеримде эч кандай «Массалык башаламандыкка чакырык жок» деген эксперттин тыянагын жашырып-жаап бир жарым ай дегенде «Клооп» деген сайттын бир маалыматын «баракчаңа бөлүшкөнсүң» деген айыптоо менен 332-беренеге ылайык кылмыш ишин козгоп, сотко өткөрүштү. Учурда сот иштери жүрүп жатат.

Эң эле кызыгы, мамлекеттин казынасына кол салган коррупционерлер, паракорлор, элдин аманатына кыянат кылган кызматкерлер кармалып, абакта түшкөндөр эч кандай жаза албай кутулуп кетишип, ошолорго сын-пикир жазган мен кылмышкер болуп түрмөдө отурамын. Адилетсиздиктин туу токусуна келдик.

Тергөө абагында отуруп Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси өтө эле чала, адилетсиз элдин укугуна кыянаттык менен жазылганына көзүм жетти.

Кесепети карапайым элдин балдары жалган жалаага кабылып, атайын уюштурулган кылмыш тузактарына түшүп, далилсиз айыптоолор менен сот жообуна тартылышып, соттолуп жаткандарына күбө болдум. Укугу тебеленип, тагдырлары талкаланган карапайым элдин уулдары көп.

Эл үмүтүн артып тагдырын аманат кылып шайлаган президент, депутаттар элдин укугун качан коргойт?

Тез арада Кылмыш-жаза кодексин кайра карап чыгып, баарын элдин укугуна төп келишкен, так жана адилеттүү кылып жазуу керек.

Бир жарандын мыйзамдуу укугу, өкмөттүн кызыкчылыгынан бийик болот. Адилеттүүлүк менен адамгерчилик мыйзамдан бийик болот. Адилеттүүлүктү тез арада орноткула! Доор өзгөрөт! Учурда кырдаал туңгуюкта.

Каттын ээси: Молдалиев Б.К.

2026-жылы сентябрда «Азаттык» басылмасы Молдалиев «Клооптун» материалдарын таркатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганын жазган. Молдалиев күнөөнү мойнуна алган эмес.

«Азаттыкка» таянсак, Молдалиевди 8-майда кармашкан, алгач ага 278-берененин 3-бөлүмү, «Массалык башаламандыктар» боюнча айып тагылган. Бирок кийин берене өзгөртүлүп, экстремисттик материалдарды сактоого (Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү) айыпталган.

«Ооба, беренесин бир жарым айдан кийин өзгөртүп, "Kloop, Temirov LIVE жана "Айт-айт десе"сайттарын окуган жана бийликти такай сындаган" деп айыптап жатышат», — деп билдирген анда жубайы Эльвира Жусупова.

2025-жылдын 27-октябрында Бишкектин Октябрь райондук соту «Клооптун» тең негиздөөчүсү Ринат Тухватшин менен иликтөөчү-журналист Болот Темировдун ишмердүүлүгүн, ошондой эле экөө негиздеген басылмалар — «Клооп», «Темиров ЛАЙВ» жана «Айт-Айт Десенин» аты аталбаган материалдарын экстремисттик деп тапкан.

Ошентип Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу ЖМК материалдары экстремисттик деп таанылган болчу.

Журналисттерди айыптоодо чечүүчү далил катары Республикалык психиатрия жана наркология борбору менен соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундулары алынган. Дал ушундай корутундулар активисттерди, укук коргоочуларды жана журналисттерди куугунтуктоонун негизги куралы болуп калган.

Эксперттер анализдеген жана акырында сот экстремисттик деп тапкан конкреттүү материалдар өкүмдө жазылган эмес. Алар кайсы материалдар экенин билүү дагы мүмкүн эмес. Алар жүктөлгөн дискти сот отурумунда тешип коюшкан, ал эми сакталган флешкарта жоголуп кеткен.

Соттун өкүмүндө эксперттер талдаган материалдар айтылбайт, бирок «бийликти жана мамлекетти дискредитациялаган, Кыргыз Республикасынын терс образын жайылткан маалыматтык экстремиздин белгилери табылганын» белгилешкен. Бирок «Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү жөнүндөгү» мыйзамда «маалыматтык экстремизм» деген түшүнүк жок.