Эс алуу күндөрү эмне көрүүгө болот: «Төгөрөгү төп келбеген чебер»

Kloop.kgнин баяндамачысы Азамат Омуралиев ушул эс алуу күндөрүндө өзүнө Вуди Аллендин, Луи Си Кейдин жана «Кыздардын» өзгөчөлүктөрүн камтыган «Төгөрөгү төп келген чебердин» (Master of None) биринчи сезонун көрүүнү сунуштайт.

Нью-Йоркто кайсы бир убакта Вуди Аллен бар эле. Ал баары үчүн жооп берчү: комедия, сатира, драма жана мелодрама. Ал өзүнүн снобизм жана кымбат кофеге болгон сүйүүсү менен бозомук тарткан бруклин кечелерин көркүнө чыгарып, манхэттен турмушун иллюстрациялаган.

Эми Нью-Йорктун Вуди Аллени жок. Эми буурул чач режиссёр Барселона, Рим жана Париждин түгөйлөрүнө зыяратка барганча дүйнөнү кезип жүрөт.

Эми Нью-Йоркко жаңы каарман керек.

Жок, бул Вуди Аллен эмес.

Акыркы он жылдан бери бул орун үчүн бир да режиссёр ат салышкан жок. Алардын ичинен латте жана тар, кир көчөлөр жөнүндө тамашлардын майданында эң ийгиликтүүсү Ноа Баумбах («Сүйкүмдүү Фрэнсис» жана «Америка Айымдын» автору) жана Лина Данэм («Кыздар» сериалынын негиздөөчүсү) болууда. Бирөө ыйык жерлер тууралуу айтса, экинчиси миллениалдардын инфантилизмин көрсөтөт. Бири драмага жооп берсе, экинчиси — мелодрамага.

Ошондой болсо да, өзү аллендик мурастын үчүнчү катмары бар: комедия. Бир тараптан, сахнада көптөгөн комедия абалдары пайда болуп, алардын ичинен эң көрүнүктүүсү негизи жок узун, «Апаңызды кантип жолуктурдум». Башка тараптан, камералык инди долбоолор, алардын ичинен көңүлгө төп келгени куудул Луи Си Кейдин «Луиси».

Анан бул эки фронттун ортолорунда «Төгөрөгү төп келбеген чебер» жайгашкан. Азиз Ансаринин автордук сериалы («Парктар жана эс алуу аймагы» сериалы аркылуу таанымал болгон). Анда ал шоураннер, продюсер, сценарист, режиссёр жана башкы актёр катары катышат.

Көңүл борборунда — индиялык эмигранттардын ассимиляция болуп калган баласы, ал белгилүү болгон артисттерге болгон сүйүүсү жана жыйырма нерсени бир убакта кыла алган жөндөмүнүн аркасы менен отурукташкан ньюйорктуктарды артта калтырат. Ал Father John Mistyге барып алып, ресторандар жайгашкан көчөдөн ылдый көздөй бир нерсе жегенге жер жок экенин айтып арызданат.

Ал ошондой эле «Кыздардагы» Ханнанын жана «Луидеги» Луинин ролун аткарат. Бир эле убакта өзүнүн муунундагылардын жана өлкөсүндөгүлөрдүн кагуу-силкүүсүн шакабага салып, көрүүчүлөрдү күлүүгө мажбурлайт. Бирок анда кыжыр келтирген аура байкалбайт.

Азиз Ансари бир сериядан экинчисине барып, комедиялык абалдар акылкөй жана революциялык да боло ала турганын далилдейт. Баары каралардын, гомосексуалдардын жана мексикалыктардын көйгөлөрүн талкуулап жаткан жылда Ансари кара эшик аркылуу атып чыгып, пенсионерлердин, ата-энелердин, балдардын жана түгөйлөрдүн көйгөйлөрүн унутуп калгандардын баарынын кулагынын түбүнө чабат.

Анткени «Төгөрөгү төп келбеген чебердин» биринчи сезону ушул бардык персонаждары башынан кармайт. Ансари өзүнүн актёр кесиптешин индиялык анткор акцентинен улам тилдөөгө, өзүнүн сүйгөн кызынын чоң энеси менен карылар үйүнөн качууга жана ошол эле кызы менен биринчи жолугушуунун ордуна руханий саякатка чыгууга үлгүрөт.

Ансаринин долбоорун жогорку фильм жана сериалдардан айырмалаган жагымдуу артыкчылыгы — ал сунуштаган жаңы көз караш. Түтүн баскан тааныш жана көнүмүш көчөлөрдө сары такси токтотуу жана Grimes менен Jamie xx кофейнясы. «Төгөрөгү төп келбеген чебер» өзүнүн комфорт аймагынан чыгып, бир гана ньюйорктуктар эмес, биз дагы твиттер, толук ичилбей калган каппучино жана тутанган жаңылыктар үчилтигинде унутуп калган нерселер боюнча сөз кыла баштайт.

Ишемби менен жекшембини кыскарта турган дагы бир сериал: Эс алуу күндөрү эмне көрүүгө болот: «Америка кылмыштарынын окуясы»
БЕРИЛГЕН БАА
«Төгөрөгү төп келбеген чебер»
Азамат Өмүралиев
"Маданият" бөлүмүнүн редактору. Twitter: @opinion_com
es-aluu-k-nd-r-emne-k-r-g-bolot-t-g-r-g-t-p-kelbegen-cheberАнсаринин долбоорун жогорку фильм жана сериалдардан айырмалаган жагымдуу артыкчылыгы — ал сунуштаган жаңы көз караш. Түтүн баскан тааныш жана көнүмүш көчөлөрдө сары такси токтотуу жана Grimes менен Jamie xx кофейнясы. «Төгөрөгү төп келбеген чебер» өзүнүн комфорт аймагынан чыгып, бир гана ньюйорктуктар эмес, биз дагы твиттер, толук ичилбей калган каппучино жана тутанган жаңылыктар үчилтигинде унутуп калган нерселер боюнча сөз кыла баштайт.