Сот Сарыгуловду «ден соолугу начарлаганына байланыштуу» үй камагына чыгарды

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Дастан Сарыгулов ден соолугу начарлаганына байланыштуу УКМКнын ТИЗОсунан үй камагына чыгарылды. Ал 2016-жылдын июнь айынан бери «бийликти күч менен басып алууга даярдык» боюнча айыпталып камакта отурган.

Сарыгуловдун адвокаты Нина Зотова Kloop.kgге анын коргоосундагы адам ден соолугунун начарлаганына байланыштуу Биринчи май райондук сотунун чечими менен бошотулганын кабарлады. Анын айтымында, сот Сарыгуловду бошотуу жөнүндө 24-ноябрда чечим кабыл алды.

«Азыркы тапта ал үйдө жүрөт, бирок ага басма сөз менен байланышканга уруксат берилген жок. Судья Боромбаев мен жактаган адамдын абалын туура түшүнүп, анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөрттү, бирок ал [Сарыгулов] иш боюнча дагы эле айыпталуучу катары өтүп жатат, жыйындар улантыла берет», — деди ал.

Зотова Сарыгуловдун ден соолугунун начарлашынын конкреттүү себебин айтыштан баш тартты, анткени ал али саламаттгын текшертиши зарыл.

Сот жыйындары жабык режимде өтүүдө. Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин айтымында, жыйынга журналисттер менен укук коргоочулар тургай анын өзүн да кийирбей жатышат.

«Алар менде жашыруун материалдарга жеткилик алынбаганына шылтап, мага жыйынга байкоочу катары катышууга уруксат бербей коюшту […]. Бул болсо мыйзам бузуу болуп эсептелет, анткени Акыйкатчынын абалы тууралуу мыйзам боюнча анын өкүлдөрү бардык сот жыйындарына катышып, бардык жабык мекемелерге кирүүгө укуктуу», — деди Оторбаев.

Оторбаевдин айтымында, анын кызматкерлери жыйынга катышууга расмий уруксат сурашкан, бирок жооп келе элек.

«Биз өз өкүлдөрүбүздүн сот жыйындарына киришине жетишүүгө аракет кылабыз», — деди ал.

Бийликти басып алууга даярдык боюнча айыптоо

Атайын кызматтардын өкүлдөрү Дастан Сарыгуловду 13-июнда кармап, УКМКнын тергөө изоляторуна камашкан. Ага «бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү» деген күнөө коюлган.

Сарыгулов оппозициячы саясатчылар Бишкек менен Ошто митинг уюштуруу боюнча сүйлөшүп жатканы жазылган үн Интернетке чыгып кеткен соң быйыл март айында да кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, алар бийликти басып алууну пландаштырышкан.

Сарыгулов 28-мартта суракка алынып, сот аны адегенде үй камагына чыгарууга чечим кылган, бирок июнда Сарыгулов ТИЗОго тушкөн.

Сарыгулов өзү Sputnik.kg менен болгон маегинде ошондой сүйлөшүү болгонун танган эмес. Бирок анын айтымында, сүйлөшүү башка нукта жүргөн — оппозициячылар бийликти басып алып кызмат бөлүштүрүүгө ниеттенген эмес.

Атайын кызматтар Кыргызстандагы абалдын «туруктуулугун бузуу аракетин» ошондой эле «Кумтөр» алтын кен компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтөө менен да байланыштырышкан. Алардын маалыматы боюнча, Сарыгулов «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин директору болуп турган мезгилде «Кумтөр» төлөп берген акча максатсыз пайдаланылган.

ТЕМА БОЮНЧА:


Сүрөт: «Азаттык»