Видео: Казакстандагы топ MC Donchaнын «Көз жаш өйдө агып жатты» деген ырын кайра ырдап чыкты

Казакстандык «Novaliveband» рок-тобу кыргыз вайнери MC Donchaнын «Көз жаш өйдө агып жатты» аттуу ырына кавер жаздырды. Интернеттеги видео 60 миң сыйра көрүлгөн.

Казакстандык «Novaliveband» рок-тобу MC Doncha деген ат менен көбүрөөк белгилүү болгон кыргыз вайнери Данияр Токтомамбетовдун жоопсуз сүйүү тууралуу ырын жаздырууда домбраны жана электрондук гитараны колдонду.

Жаңы аткаруу жазылган видеону өз барагында топтун музыкалык продюсери Ернар Смагулов жарыя кылды.

Смагулов бул ырларды cover-стилде биринчи жолу аткаруу экендигин жана авторго бул аткаруу жагаарына үмүт кылганын айтты.

«MC_Donchaнын жоопсуз махабат тууралуу “кайгылуу окуясын” ырдаган ролиги Кыргызстанда гана эмес, Казакстанда да коомдук түйүндөрдү багындырды. Биз да ишке юмор менен мамиле кылып, акустикалык домбранын жана электрондук гитаранын добушу астында cover-версия жаздырдык», — деген топтун продюсеринин сөзүн келтирет Sputnik.

Токтомамбетов азырынча казакстандык топтун каверинин чыгарылышына эч кандай комментарий бере элек.

Орусиялык рэпер Jah Khalib Кыргызстанга 27-ноябрда келген, кыргыз вайери ошондо ушул ырды аны менен дует кылып ырдап чыккан.

Токтомамбетов «Инстаграмда» бир катар юмористтик видеолор чыгып кеткенден кийин дароо атагы чыккан. Анын жоопсуз сүйүү тууралуу «Көз жаш өйдө агып жатты» деген ырын өз расмий барактарында орусиялык рэп-аткаруучулар Тимати жана Jah Khalib, «А-Студио» тобунун солисти Кэти Топурия жана комедиялык актёр Михаил Галустян бөлүшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:


MC Doncha: Кыргыз акценти — бул образ