Казакстан: Назарбаев президенттин ыйгарым укуктарын азайтууну сунуш кылды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев элине Конституцияны өзгөртүү жөнүндө сунуш менен кайрылды. Анын айтымында, жаңы редакцияда президенттин ыйгарым укуктары азайып, парламент менен өкмөттүн пайдасына чечилет.

Назарбаев өзүнүн 25-январдагы кайрылуусунда мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосунда ыйгарым укуктарды кайрадан бөлүштүрүү максатында Казакстандын Конституциясына түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл экенин жарыялады.

«Негизги мааниси — президент өзүнүн бир катар ыйгарым укуктарын парламент менен өкмөткө өткөрүп берет», — деди Назарбаев.

Назарбаев өткөрүлө турган реформадан кийин президент өкмөттүн же премьер-министрдин аракетин жокко чыгаруу укугунан баш тартса болоорун айтат.

«Өкмөткө анын курамына кирбеген борбордук аткаруу органдарын өзү түзгүдөй укук берсе болот», — деди Назарбаев өз кайрылуусунда.

Пландалган өзгөрүүлөр боюнча, президенттин социалдык-экономикалык процесстерди көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарынын бир бөлүгү өкмөткө, министрликтерге жана акимиаттарга өтөт.

Өкмөттү түзүүдө парламенттин ролу жогорулайт.

«Парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партия өкмөттү түзүүгө чечүүчү таасир тийгизет. Ошондон улам өкмөт мурдагыдай президенттин алдында эмес, жаңыдан шайланган Мажилистин алдында ыйгарым укуктарын тапшырганы мыйзам ченемдүү болот», — деди Назарбаев.

Нурсултан Назарбаевдин айтымында, реформаларды Казакстанда күчөп келаткан «коомдук процесстердин татаалдыгынан улам» өткөрүү зарыл. Мындан тышкары, ал мындай кадам мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтөт деп эсептейт.

«Сунуш кылынып жаткан реформанын маңызы бийликтин ыйгарым укуктарын олуттуу кайра бөлүштүрүүдө, жалпы эле саясий системаны демократизациялоодо жатат», — деди ал.

Казакстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү Нурсултан Назарбаев парламенттин азыркы сессиясынын ишинин аягына чейин бүтүрүүнү пландап жатат.

Казакстан Конституциясынын жаңы редакциясында Конституциялык кеңештин, сот системасынын жана прокуратуранын ишин жакшыртуу маселеси чечилет.

«Реформалар программасы – Казакстан кайсы багыт менен бара тургандыгы тууралуу суроого биздин берген жообубуз. Ачык жана ыраттуу жооп – демократиялуу өнүгүү тарапка. Сунуш кылынган чаралардын маанисин эске алып, мен жалпы элдик талкууга жакында жарык көрө турган конституциялык реформалардын долбоорун алып чыгууну чечтим», — деди ал.

ТЕМА БОЮНЧА: