Бишкектин жакынында болгон учак кырсыгынан кийин эле кыргыз бийлиги «Боинг» жүк учагы кулап түшкөн конушту башка жакка көчүрөөрүн билдирди. Жергиликтүү тургундарга жаңы жер тилкелери убада берилгендей болгону менен иш жүзүндө азырынча эч кандай кепилдик бериле элек. Дача-СУнун тургундары дегеле башка жакка кетүүнү каалашабы?
Макаланын түп нускасы «Настоящее времянын» сайтына чыккан.
Манас аэропортуна жакын жайгашкан Дача-СУ конушуна 16-январда учак кулап түшкөндөн бери дагы эле ал өзүнө келе элек.
Бийлик билдиргендей, учак кырсыгынан улам талкаланган үйлөр ошол жерде кайра салынбайт. Ал жердеги конуштун тагдыры да тумандуу болуп турат. Мындай кырсыктардын алдын алуу үчүн конуш башка жайга көчүрүлө тургандай болууда.
Мастура Исаеванын Дача-СУдагы салынып бүтө элек үйү 16-январдагы кырсыкта жок болуп кете жаздаган. Учак анын үйүнүн короосунун бир бөлүгүн бузуп, үйүнө бир канча метр эле жетпей калган. Акыркы күндөрү Исаева менен анын чоң үй-бүлөсү коркуп жашап келатышат. Анын үйүнүн курулушу улантылбайт көрүнөт, анткени ал бул жерде мындан ары жашагысы келбейт.
«Сөзсүз көчүп кетем, — дейт ал. — Бул жер мага мазар болуп калды. Үйдөн чыккыбыз келбейт. Эгерде бизге жер берсе, менин үй-бүлөм, кошуналарым бүгүн болсо да көчүп кетүүгө даярбыз».
Конуштун көпчүлүк тургундары Исаеванын айткандарына макул, алар да Дача-СУда калгысы келбейт. Алардын айтымдарында, мурда эле кетип калса болмок, бирок шаарга жакын жерге көчүп барыш үчүн көп акча керек, ал эми мындай акча болсо аларда жок. Кырсык болгондон кийин айыл тургундары мамлекет жер тилкелерин бөлүп берет деп үмүт кылышат.
«Бизге жер эле бөлүп берсин, биз өзүбүз тургузуп алабыз, — дейт Тилек Кошалиев. — Эмнеге мамлекет бизди камсыз кылбай жатат?»
«Трагедияга чейин кетип калалы деп ойлогонбуз, анткени бул жерде каттоо жок. Каттоого тургузбайт. Кайсы бир жерге орношууда бизге кыйынчылык жаралат. Ооруканада да каттоону сурашат. Биз жок сыяктуубуз да», — деп нааразы болот дагы бир айыл тургуну.
«Азырга чейин отундун жыты күчтүү, дем алганга кыйын болууда. Качан балдар учакты көрсө, коркконунан үйгө качып киришет, — деп айтат Дача-СУда жашаган дагы бир аял. — Мурун ар дайым учактар учуп өткөндө сүйүнчүбүз. Албетте, көчүп кетебиз, эгер бийлик жер бөлүп берсе. Биз баарыбыз коркуп жашап жатабыз. Жаш балдарды айтпай эле коёюн, керек болсо чоңдор да коркуп жатышат».
Дача-СУ конушу документтер боюнча аэропорттун жанында такыр болбошу керек болчу. Бул жерлер 80-жылдарда дача салуу үчүн гана берилген. Бирок Советтер союзу тарагандан кийин дачанын ээлери мүлкүн ижарага берип, же сата башташкан. Сатып алгандарды болсо дачалардын аэропорттун учуп-конуу тилкесине жакын экендиги чочуткан эмес.
Натыйжада аба майданынын жанында чоң кыштак пайда болгон. Эксперттердин айтымында, аэропорттун айланасындагы үч километр радиустагы аймакта там салууга болбойт. Анткени бул санитардык-коопсуздук аймагы деп саналат. Бирок бул профессионалдык баа. Ал эми Кыргызстандагы учуп-конуу тилкелеринен кийин эле дароо чыныгы жашоо башталат. Анда тургандар коркунуч жөнүндө уккан эмес, же эскертүүлөргө олуттуу мамиле кылган эмес.
«Бүгүнкү күндүн оор тажрыйбасы эмне үчүн санитардык-коопсуздук аймагы керек экенин көрсөтүп жатат, — деп белгилейт Кыргызстандагы жарандык авиация департаментинин мурдагы директору Эрмек Өмүралиев. — Качан учак кандайдыр бир себептерден улам учуп-конуу тилкесине кире албай жатса, анда ал ошол радиустун айланасында авариялык конуу үчүн мүмкүнчүлүккө ээ болушу керек. Биз болсо ошол жерде конуштардын жок экенин камсыздашыбыз керек».
Кыргызстандын бийлиги азырынча этияттык менен конуштун башка жакка көчүрүлүшүн айтып жатат. Учурда өкмөттө атайын комиссия түзүлүп, ал жакынкы аралыкта бул маселелер менен алектенмекчи.
«Бул конушту жоюу же анын тургундарын башка жакка көчүрүү боюнча маселе азырынча көтөрүлө элек, — деп айтып берди Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов. — Бирок бул маселе биз качан чукул кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча бардык иш-чараларды бүтүргөндөн кийин көтөрүлсө керек. Маселе өкмөттүк деңгээлде чечилмекчи, бул маселени комиссия өз алдынча чечпейт».
Бирок бул коркунучтуу жердин тагдыры азырынча белгисиз бойдон калууда. Жергиликтүү тургундар качанга чейин асманга көтөрүлүп, же конууга камынып жаткан учакты көргөндө калтылдап коркуп жашаарын билишпейт.
ТЕМА БОЮНЧА:
- «Боинг-747нин» кыйрашы: Келтирилген зыяндын өлчөмү 186 млн сомдон ашты
- Атамбаев авиакырсыкта каза болгондордун туугандары менен жолугушту
- «Боинг-747нин» кулашы: «MyCargo Airlines» компаниясы курман болгондордун жана жабыркагандардын тарткан зыянын төлөп берет