Өзбекстан: Саясий туткундар эркиндикке чыгууда

Өзбекстандын президенти айрым саясий туткундарга амнистия жарыялоо боюнча документке кол койду. Абакта 18 жылдан бери жаткан оппозициялык «Эрк» гезитинин редактору Мухаммад Бекжан 22-февралда бошотулду. Аны менен кошо дагы бир канча саясий туткундар эркиндикке чыкты.

Мухаммад Бекжандын бошотулушу жөнүндө анын туугандары кабарлашкан. Аны 22-февралда Зарафшандагы колониядан чыгарышкан.

Бекжан оппозициялык «Эрк» гезитинин редактору болгон. Ал түрмөдө 18 жылдай жаткан.

Өзбек атайын кызматтары 1990-жылдын мартында аны Киевде уурдап кетишкен. Бекжанды өз мекенинде Ташкендеги жардырууга тиешеси бар деп күнөөлөшкөн.

Сот аны ошол эле жылдын август айында президентке жана өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө кол салганы үчүн, кылмыштуу топту уюштуруу жана документтерди жасалмалаганы боюнча айыптап, 15 жылга эркинен ажыраткан.

Мухаммад Бекжан эркиндикке чыккандан кийинки алгачкы сүрөт. Сүрөт: Надежда Атаева.

Бекжан өз дарегине айтылган айыптоолорду четке каккан. Тергөө учурунда аны кыйнашкан. Көз карандысыз Өзбекстандын тарыхында бул кыйноолор тууралуу коомчулуктун кеңири катмары билген алгачкы учур болгон.

Укук коргоочу түрмөгө камалганын агасы Мухаммад Салихти колдогону менен байланыштырат.

Салих болсо оппозициячы болуп, Өзбекстандын улуттук кыймылын жетектеген. Бул кыймыл Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду кулатуу үчүн аракет кылган.

Өзбекстанда Салих 1991-жылдагы президенттик шайлоодон кийин оппозициячы болуп калган. Ал Ислам Каримовдун жападан-жалгыз атаандашы болчу. Расмий маалыматтар боюнча, анда ал калктын 12 пайыз добушуна ээ болгон, ал эми көз карандысыз байкоочулардын эсеби боюнча — 30 пайыздан ашык.

Ошондо шайлоолордон кийин эле жергиликтүү студенттер Салихти колдоп демонстрацияга чыгышып, айрымдары бийлик тарабынан атылып кеткен. Оппозициянын лидерлерине кылмыш иши козголгон.

Репрессияларга каршылык билдирүү катары Салих 1992-жылдын июль айында депутаттык ыйгарым укуктарын тапшырган.

Аны 1993-жылдын апрелинде камап, «мамлекеттик чыккынчылык» боюнча күнөөлөшкөн. Кийинчерээк дүйнөлүк коомчулуктун басымы менен аны коё беришип, ал Бакуга кеткен, андан ары — Түркияга.

Эмиграциядагы Мухаммад Салих.

Ташкенде 1999-жылдагы жардыруудан кийин ал сыртынан 15 жылга абак жазасына кесилген.

Салихтин бардык жакын тарапташтары жана бир туугандары теракт уюштурууу боюнча айыпталып, камалган.

Камил Бекжан он жылга кесилип, 2003-жылдагы амнистия боюнча эркиндикке чыгарылган. Рашид Бекжан 12 жылга камалып, өз мөөнөтүнөн бир айдан кийин 2011-жылы бошотулган.

Өзбек бийлиги, андан тышкары, 2016-жылдын ноябрында саясий туткун  Самандар Кукановду бошоткон. Ал темир тор артында 23 жыл жана беш ай отурган.

Расмий версиялар боюнча, ал чоң суммадагы каражатты уурдоо боюнча айыпталган. Бирок укук коргоочулардын пикири боюнча, ал оппозицияны колдоп, Салихти өлкөнүн президенттигине көрсөтүп каржылаган.

Саясий туткундарды бошотуу Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин башталган. Ошол учурда президенттин милдеттерин аткарып турган Шавкат Мирзиеев парламенттин амнистия боюнча долбоорун конституция күнүнө карата кайра карап чыгууга жөнөткөн болчу.

Бирок абакта көптөгөн саясий туткундар дагы эле кала берүүдө. Хьюман Райтс Вотч укук коргоо уюмунун билдиришинче, Өзбекстандын түрмөлөрүндө саясий себептерден улам 7ден 12 миңге чейин жаран камалып турат.

Сүрөт: Хьюман Райтс Вотч


ТЕМА БОЮНЧА: