Француздар Караколдогу эс алуу зонасына миллион доллар жумшоодон баш тартышты

Караколдун борбордук эс алуу зонасынын кайра жасалышына Франциядагы инвесторлор бир миллион доллар жумшоодон баш тартышты. Ал долбоор 2017-жылы апрелден июнга чейин ишке ашырылмак, бирок ага чейин уруксат кагаздарын чогултуу мүмкүн болмок эмес.

Ысык-Көл облусунун ишкерликти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча кеңешинин катчысы Айбек Шаршенбаев француз инвесторлору Караколдун эс алуу зонасына кыска мөөнөттүн айынан миллион доллар жумшагандан баш тартышканын айтты.

«Долбоорду ишке ашыруу апрелден июнга чейин планданган эле. Бирок Караколдун шаардык кеңешинен колдоо таап, башка тийиштүү түзүмдөрдөн уруксат берүүчү документтерди алыш үчүн бир топ убакыт кетмек, быйыл биз жетишпей жатабыз», — деди Шаршенбаев.

Анын айтымында эс алуу зонасын кайра жасоону кийинки жылы деле талкууласа болот.

Шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба комиссиясынын башчысы Канатбек Ишембиев эс алуу зонасын кайра жасоо маселеси эмне үчүн оңунан чечилбегенин түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, инвесторлор жөн эле компьютерде жасалган долбоордун божомолун көрсөтүшкөн.

«Эч кандай документ алып келишкен жок. Бериле турган сумма жөнүндө да эч кандай жооп беришкен жок; силер жер бергенден кийин акча издейбиз дешти. Ошон үчүн биз аларга эс алуу зонасы кандай көрүнөт, канча акча сарпталат, ошонун баарына даярданып, түшүндүрүп беришине атайы убакыт бердик. Ошондон кийин алар басып да келген жок», — деди Ишембиев.

Франциялык инвесторлор шаардык кеңешке Караколдогу эс алуу зонасын кайра жасап чыгуунун долбоорун январдын башында көрсөтүшкөн.

Караколдогу эс алуу зонасын кайра куруунун долбоору. Сүрөттү Азамат Айтбаев берди.

Кайра куруу иштери 2017-жылдын 1-апрелинен башталып шаардагы туристтик сезон башталгыча бүтүп калат деп планданган. Ал кезде жергиликтүү депутаттар жооп бербей, жакынкы сессияда бул маселени караганга убада беришкен эле. Долбоор коомдук даараткана курууну, жарык берүү системасын, отургучтарды орнотууну, ошондой эле чачыратма, велосипед жана ролик үчүн атайын жандама жолдорду курууну камтыган.

Долбоорду ишке ашыруу боюнча инвесторлордун негизги шарты — эс алуу зонасы кайра курулуп бүткөндөн кийин 3,5 гектар жер аянтын аларга 15 жылга ижарага өтүшү керек болчу.

Шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев кайра куруу боюнча депутаттардын пикирлери ар башка чыкканын айтып берди. Бир топтору мындай чоң салым шаарда туризмди өнүктүрүүгө жардам берээрин айтышкан. Башкалары эгерде борбордук эс алуу зонасын бирөөгө 15 жылга берип койсо, кийин ал менчик болуп калаарын билдиришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: