КСДП Карасартова менен 24.kg маалымат агенттигинен миллион сомдон өндүрүп алгысы келет

Президентти колдогон социал-демократиялык партия 24.kg маалымат агенттигинен жана укук коргоочу Рита Карасартовадан миллион сомдон өндүрүп берүүнү талап кылууда. Доого маалымат агенттигинде Карасартованын КСДП тууралуу чыккан комментарийи негиз болгон.

Партиянын юристи Таалай Усубалиев саясий бирикме укук коргоочу Рита Карасартовадан жана 24.kg маалымат агенттигинен миллион сомдон талап кылып жатканын кабарлады.

Партия ишкерлик абройду коргоо жана моралдык зыяндын ордун толтуруу тууралуу доо менен Свердлов райондук сотуна кайрылган.

Доо арызга укук коргоочунун КСДП тууралуу: «Алар саясатты оюн көрүп алышты, кызмат орундарын оңго-солго сатып жатышат» деген комментарийи себеп болгон. 24.kg маалымат агенттиги «Регионы показали зубы партии власти» («Аймактар бийлик партиясына азуусун көрсөтүштү») деген макаланы жарыялап, ал жерде Карасартованын ушул сөздөрү колдонулган.

Укук коргоочу Рита Карасартова — азыркы бийликти сындап жүргөн көрүнүктүү адамдардын бири.

Ал президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылган конституциялык реформаны сынга алып, Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр үчүн парламентти сотко берген.

Референдумдун алдында Карасартова түзөтүүлөргө каршы үгүт тобун жетектеген. Ал ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынан өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыктарын жокко чыгарууну да талап кылган.


ТЕМА БОЮНЧА: