Метрону жардыруу боюнча шектүү жигиттин ата-энеси Санкт-Петербургга келди

Петербург метросундагы террордук чабуул боюнча шектүү Акбаржон Жалиловдун туугандары анын ата-энеси Санкт-Петербургга учуп барышканын кабарлашты.

Акбаржон Жалиловдун жеңеси Яркиной анын ата-энеси Санкт-Петербургга учуп барууга эмнеге мажбур болгонун так билбейт. Ал укук коргоо органдары Акбаржондун атасы Орусиянын жараны болгондуктан аны чакыртып кетишти деп божомолдоду.

Орусиянын ЖМКлары Жалиловдун энеси аба майданындагы эскалатор менен көтөрүлүп келаткан видеону жарыкка чыгарышты. Журналисттер ага суроо берип, бирок ал жооп бербейт.

Мындан тышкары, Яркиной кечээ УКМКга көрсөтмө бергени кеткен Акбаржондун туугандары азырынча үйгө келе элек экенин кошумчалады.

Ал журналисттердин башка суроолоруна жооп берген жок, анткени атайын кызматтар анын чоочун кишилер менен сүйлөшпөшүн суранышкан.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да абалга комментарий бербестен, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылууну суранышууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен азырынча комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Петербургдагы террордук чабуул

Петербург метрополитениндеги жарлуу 3-апрелде поезддин вагонунда,  «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда болгон. Террордук чабуулдун натыйжасында 14 киши курман болуп, 40тан ашуун адам жабыркаган.

Баштапкы маалыматтар боюнча, бомба вагондогу отургучтун түбүнө орнотулган.

Экинчи жардыруучу түзмөк «Площадь восстания» станциясында табылган — ал иштегенге чейин зыянсыздандырылган. Түзмөк зыян келтирүүчү элементтерге толтурулуп, өрт өчүрүүчү шайманга окшоштурулуп жасалган экен.

Орусиянын укук коргоо органдары террордук чабуул боюнча шектүү Акбаржон Жалилов Кыргызстанда туулганын аныкташкан. Орусиянын Тергөө комитети 5-апрелде Жалиловдун жашаган жерин таап, ал жерде тинтүү жүргүздү.

Туугандарынын айтымында, Жалилов акыркы алты жыл бою Орусияда жашап жүргөн жана үч жыл мурун Кыргызстанга үйлөнүүтойго келип кеткен.

Авторлошу: Анна Капушенко


ТЕМА БОЮНЧА: