Бишкекте кайгуул милициясынын автоунаасы жол чыракты сүзүп кулатты

7-апрелге караган түнү кайгуул милициясынын автоунаасы Фрунзе жана Тоголок Молдо көчөлөрүү кесилишиндеги жол чыракты сүзүп кулатты. Кайгуул милиция башкармалыгы жол кырсыгы жолдун тайгалактыгынан улам болгонун билдирди.

«Nissan» маркасындагы кайгуул автоунаасы 7-апрелге караган түнү Фрунзе жана Тоголок Молдо көчөлөрүү кесилишиндеги жол чыракты сүзүп кулатты.

Кайгуул милиция башкармалыгынын (КМБ) басма сөз кызматы эч ким жабыркабаганын, жол кырсыгы болсо жолдун тайгактыгынан улам болгонун билдирди.

«Бул кесилиштеги кафеде мушташ болуп милиция чакырышкан экен. Кайгуулдагылар окуя болгон жерге жакындап калганда айдоочу рулду башкара албай калып жол чыракты сүзүп алган. Айдоочу жол кырсыгынын себебин муздан көрөт. Эч ким курман болгон жок, экипаж жабыркаган жок», — деп билдирди КМБын басма сөз кызматы.

Кайгуул милициясындагылар милиция кызматкерлери медициналык текшерүүдөн өтүшкөнүн, текшерүү алардын соо экенин көрсөткөнүн кабарлашты.

Азыр КМБда кызматтык иликтөө жүрүп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: