КТРКга парламенттегилер эмне кеңеш берип, кандай сын айтышты?

КТРКнын Байкоочу кеңеши өлкөнүн башкы телеканалынын иши тууралуу парламент депутаттарынын алдында отчет берди. Эл өкүлдөрү отчетту кабыл алышты, бирок берүүлөрдүн сапатына нааразы боюнча калып, телеканалга бийликти көбүрөөк сындоого кеңеш беришти.

Парламент 12-апрелде КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун угуп, андан кийин депутаттардын бир бөлүгү телеканалды сындап чыкты.

Оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова КТРК коомдук телеканал боло албай койгонун айтты.

Аида Салянова.

«Журналистикада алтын эреже бар — бардык тараптарга сөз берип, адам укуктарын сыйлаш керек. Биз силерден бир мүнөт да эфирдик убакыт ала албай койдук», — деди депутат.

Депутат жана мурдагы журналист Жанар Акаев каналда бийликтин кемчиликтерин көрсөткөн курч журналистика жок экенин айтты.

«Макул, президентти тийбей эле койгула. Бирок силер өкмөттүн иши, анын кемчиликтери тууралуу материалдарды жасай аласыңар да. Коррупция боюнча, өлкөдөгү кылмыштуулук боюнча көбүрөөк контент жасай аласыңар, көбүрөөк иликтөө жүргүзө аласыңар. Силерди бүт өлкө көрүп жатпайбы», — деди Акаев.

КСДПнын депутаты Элвира Сурабалдиева дары-дармектер менен камсыз кылуу жана эт өндүрүмдөрүн сатуу маселелерин чагылдырганы үчүн КТРКга ыраазычылык билдирди.

Бирок кийинчерээк «Твиттердеги» өз барагында ал телеканал аткаминерлердин мүлкү тууралуу берүүлөрдү көбүрөөк уюштуруп, аларга мынча акча кайдан келгенин сурап турушу керек экенин жазды.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков сын пикирлерди негизсиз деп тапты. Анын айтымында, каналда такталбаган маалымат кеткени тууралуу парламентте көп сын айтылат, бирок бул тууралуу бир да расмий документ келип түшкөн эмес.

«Мыйзам боюнча эгерде сиз маалыматты чындыкка туура келбейт деп эсептесеңиз укук коргоо органдарына же сотко кайрылууга укугуңуз бар», — деди ал.

«Келин» көрсөтүүсү

Депутаттар кайрадан «Келин» көрсөтүүсүнө көңүл бурушту. Бул берүү коомчулуктун ар кандай мамилесине туш болгон — аудиториянын бир бөлүгү бул көрсөтүү аялдарды кемсинтет деп эсептейт.

«Келин» көрсөтүүсүнөн кадр.

КСДПнын депутаты Айнуру Алтыбаева берүү тууралуу Карыпбеков өзү эмне ойлой турганына кызыкты.

Ал буга жооп берип жатып программанын анонсу сынга кабылганын, бирок көрсөтүү эфирге чыкканда ал тууралуу эч ким сын айтпаганын белгиледи. Анын айтымында, көркөм кеңеш берүүнү эфирге чыгараарда текшерген жана эреже бузуу тапкан эмес.

«Көркөм кеңеш бул программа кимдир-бирөөгө моралдык да, башкача да зыян келтирээрин көрсөткөн белгилерди тапкан жок. Бирок программа келтирген зыян тууралуу негиздүү жүйөлөр келтирилсе мен аны эртең деле жаап салганга даярмын», — деди ал.

КТРКнын бюджети жана аудиториясы

2016-жылы мамлекеттик бюджеттен орто эсеп менен 400 миллион сом бөлүнгөн, ал телеканалдын каражатынын 70 пайызын түздү. Жарнаманын, гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен КТРК 177 миллион сомдон ашуун акча тапкан.

Бирок Карыпбеков телеканалга дагы эле каражат жетпей жатканын кеп кылды. Анын айтымында, кызматкерлерди көбөйтүүгө каражаттардын жоктугунан улам КТРКнын сайтын алты гана киши тейлейт.

КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков.

КТРКнын башкы директору азыр телеканалдын «ыйлагыдай абалда» турган архивдик фондунун имаратын салыш үчүн дагы 2 миллион сом талап кылынаарын айтты.

Анын сөзүнө караганда, каражаттын жоктугунан жаңылыктардын сурдокотормосу таптакыр жоголуп кетиши мүмкүн. Бул милдетти аткарыш үчүн телеканалга 800 миң сом зарыл.

Карыпбеков телеканалдын бир суткадагы аудиториясы 2016-жылы 2 миллион адамды түзгөнүн айтты. Анын сөзү боюнча телеканалдын аудиториясы жыл сайын 10-15 пайызга төмөндөп баратат, анткени көрүүчүлөр Интернетти тандап алышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: