Эр уруштун уюштуруучулары Шаршеевдин устатынан кечирим сурашты

TNA эрежелери боюнча мушташтын уюштуруучулары беттешүүнүн калысы Кыргызстандын мушкерин депортация менен коркутканы үчүн Дастан Шаршеевдин машыктыруучусунан кечирим сурашты.

Шаршеев «Настоящее времянын» кабарчыларына мелдештин уюштуруучулары анын машыктыруучусунан кечирим сурашканын айтты.

Мушкер ошондой эле TNA лигасынын өкүлдөрү Кыргызстандык мушкер Дастан Шаршеевди депортация менен коркутуу туура эмес болгонун моюнга алышканын кошумчалады.

Шаршеевдин айтымында, кыргыз спортчуларына карата калыстык болбой калган учурлар бар, бирок ал тууралуу эч ким айтпайт.

«Биз жөн эле дайыма унчукпай келгенбиз. Бул жолу түтпөй кеттим. Ал жерде кадимкидей эле адилетсиздик болуп жаткан», — деди мушкер.

22-апрелде Орусиянын Казан шаарындагы «Муз аренасынын» аянтчасында TNA эрежелери боюнча мушташтын финалынын ⅛ бөлүгүндө төртүнчү чечүүчү айлампада Шаршеев орусиялык Антон Калинин менен беттешкен.

Айлампа аяктаган соң калыстар коллегиясы орусиялык мушкердин пайдасына чечим чыгарган. Шаршеев мындай бүтүмгө макул болбой, кийинки беттешүү өтмөкчү болгон рингден кетүүдөн баш тарткан.

Ал мелдештин алып баруучусунан микрофонду сууруп алып, калыстарды жана көрүүчүлөрдү адилеттикке чакырган. Ошондон кийин гана рингден түшүп кеткен. Рефери рингден кетүүдөн баш тартуу депортацияга алып келиши мүмкүн экенин айткан болчу.

Турнирдин баш калысы Василий Аптукаев мелдештен бир нече күн өткөн соң мушкер өзүн мындай алып жүргөнү туура эмес экенин жана Шаршеевди мелдештерден четтетүү зарыл экенин билдирген.

Шаршеев өзү болсо жакын арада калыстардын чечимине каршы апелляция берээрин айткан. Спортчу турнирдин калыстарын бир беткейлиги жана улут аралык кастыкты козгогону үчүн күнөөлөгөн.

Татарстан Республикасынын Эр өнөрүнүн орусиялык лигасынын президентинин коомчулук менен байланыш боюнча орун басары Дмитрий Штейн калыстардын чечимин «анча жүйөлүү эмес» деп атаган.

Орусиянын Спорттук калыстар агенттигинин (АСС) президенти Игорь Демидов TNA лигасын беттешүүнү тейлеген калыстар бригадасына чара көрүүгө чакырды.


ТЕМА БОЮНЧА: