Жалал-Абад: Саясий партиялар үгүт эрежелерин бузуп жатышат

Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясы үч партияга эскертүү берип, туура эмес жерге жайгаштырылган үгүт материалдарын алып салууну талап кылды.

Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын атайын рейдинен кийин «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» жана «Ата Журт» партияларынын үгүт плакаттары мамыларда жана менчик үйлөрдүн кашааларында жайгаштырылганы белгилүү болду.

Партияларга эскертүү берилди: алар плакаттарды үч күн ичинде алып салууга тийиш.

Жалал-Абаддагы партиялардын баары шаардык кеңешке өтүш үчүн үгүт иштерин жүргүзүшүүдө. Шайлоо 28-майда өтүшү керек.

16-майга караган түнү белгисиз бирөөлөр «Мекеним Кыргызстан» партиясынын штабын өрттөп кетишкен. Жолдон өтүп бараткан кишилер өрттү өчүрүшкөн, эч ким жабыркаган эмес. Тергөө жүрүп жатат.

Жалал-Абад шаардык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер катары КСДП, «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Журт», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Кыргызстан» катышууда.

Шаардык кеңешти шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында шайланган депутаттардын мурдагы чакырылышы өзүн-өзү таркатып жибергендиктен дайындалган.

Шайлоодон кийин шаардык кеңеште көпчүлүк коалиция түзүү боюнча бир топ талаш-тартыштар чыккан. Биринчи бирикме президенчил КСДПсыз түзүлүп, социал-демократтарга ал жакпай калган. Алар партиялардын бирин өзүнө тартып кетип, көпчүлүк коалицияны ыдыратышкан.

КСДП кошулган жаңы коалиция түзүлгөндөн кийин эки оппозициячыл партия шаардык кеңештин отурумдарына келбей койгон. Шаардык кенеш төрагасын шайлай албай, шаардык бюджетти беките албай калган.

Натыйжада шайлоодон төрт ай өткөндөн кийин депутаттар өзүн өзү таратышканын жарыялашкан.


ТЕМА БОЮНЧА: