Жалал-Абад: депутаттар шаардык кеңештин тарап кеткенин жарыялашты

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары кворумдун жоктугунан тарап кетишкенин жарыялашты. Үч ай бою алар шаардык кеңештин төрагасын шайлай албай, шаардык бюджетти беките албай коюшту, анткени депутаттардын бир бөлүгү сессияга келбей койгон.

Жалал-Абадда 30-мартта шаардык кеңештин отуруму өтүп, анда 23 депутат аны таратыш үчүн добуш беришти.  «Өнүгүү — Прогресс» фракциясынан сегиз депутат сессияга келген жок.

Үч ай ичинде кворумдун жоктугунан улам депутаттар шаардык кеңештин төрагасын шайлай албай, шаардык бюджетти беките албай коюшкан.

Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов  Жалал-Абад шаардык кеңешинин өзү- өзү таратылышы боюнча маалымдама келип түшөөрү менен ал иштеген мекеме президентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу билдирүү жөнөтөөрүн айтты.

Шаардык кеңештин таратылышы тууралуу сунуш «Өнүгүү — Прогресс» жана «Ата Журт» фракцияларынын депутаттары тарабынан 13-мартта эле киргизилген.

Шаардык кеңештин вице-спикери Эрнис Ормоков «Азаттык» менен болгон маекте фракция башчылары бир пикирге келе албай коюшканын айтты.

«Биз биринчи сессияны да өткөрө албай жатабыз. […] Мындай абалда бизде бир гана жол — шаардык кеңешти таратуу гана калат», — деди ал.

11-декабрда шайлоонун натыйжасында Жалал-Абад шаардык кеңешине беш партия: КСДП, «Кыргызстан», «Республика — Ата-Журт», «Өнүгүү — Прогресс» жана «Ата-Журт» шайланган.

Шаардык кеңештин 12-январда өткөн биринчи сессиясына КСДП менен «Кыргызстандын» депутаттары «коалиция түзүү маселесин талкуулап жаткандыктан» келбей коюшкан. Натыйжада көпчүлүк коалиция «Өнүгүү — Прогресс», «Ата-Журт» жана «Республика — Ата-Журт» фракцияларынан түзүлгөн.

Бирок КСДП менен «Кыргызстан» фракциялар бирикмесин түзүү тууралуу чечим «мыйзамсыз» болгонун билдирип сотко кайрылышкан. Анткен менен сот алардын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Андан соң көпчүлүк коалициядан «Республика — Ата-Журт» чыгып кетип, КСДП жана «Кыргызстан» менен бирге фракциялардын жаңы бирикмеси түзүлгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: