Баткен облусунда 22-майда болгон сел көпүрөнү бузуп, жергиликтүү жашоочулардын чарбалык курулуштарын каптоо менен ондогон турак-үйлөрдү зыянга учуратты.

Видео: «Фейсбуктун» Бекзот Сиддиков аттуу колдонуучусу

Кыргызстандын түштүгүндө жааган нөшөрлөгөн жаан Исфана менен Сүлүктүнү байланыштырып турган көпүрөнү бузуп кеткен сел агымдарынын пайда болуусуна себеп болду. ӨКМдин маалыматы боюнча, Баткен облусунун Лейлек районунда сел 22-май күнү кечинде болгон.

WhatsApp-Image-20160523

ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдардын алдын алуу борборунун начальниги Мухамед Сваров Kloop.kgге кырсык болгон жерге ыкчам топ барып, учурда оңдоп-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. Сваровдун айтымында, селдин кесепетинен эч ким жабыркаган жок.

WhatsApp-Image-20160523-3

«Адамдардын арасында жабыркагандар жок. Суу тартылып баштагандыктан эч кимди эвакуациялабайбыз, а кечээ, кечки саат 6-7лерде, сел агымдары өтө катуу болгон, а азыр ал өзгөчө деле коркунуч жаратпайт. Негизинен борбордук көчөлөр менен бакчалар  зыянга учураган», — деди ал.

WhatsApp-Image-20160523-10

Баткен облусунун Лейлек районундагы Андарак айылынын жашоочусу Бактияр Мухидинов Kloop.kgге табият кырсыгы чарбалык курулуштарды каптап, турак-үйлөргө зыян алып келгенин айтты.

Андарак айлынын башчысы Абдусаит Самандаровдун айтымында, сел 13 бакчаны жана үч үйдүн жер төлөөсүн каптаган. Ал жергиликтүү бийлик жашоочулардын коопсузураак жайларга көчүүсүнө жардам бере турганын кошумчалады.

Азырынча селдин көлөмү жана зыянга учураган жердин аянты жөнүндөгү маалыматтар белгисиз.

WhatsApp-Image-20160523-14

Буга чейин нөшөрлөгөн жаан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы селге себеп болгон. Анда баткактуу агымдар жолдорду жууп, жеке үйлөрдүн чарбалык курулуштарын каптаган.

Авторлор: Камбар Асан уулу жана Сезим Каныбекова