Жалал-Абад: шаардык кеңешти шайлоодо «Өнүгүү-Прогресс» утуп кетти

28-майда Жалал-Абад шаардык кеңешин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо партиясы «Өнүгүү-Прогресс» жеңишке жетишти, КСДП болсо экинчи орунда. Шаардык кеңештин депутаттары спикерди шайлай албай, шаардык бюджетти беките албай коюшкандан кийин тарап кетишкенин жарыялашкан.

98 пайыз шайлоо участокторунан алынган баштапкы маалыматтар боюнча, Жалал-Абад шаардык кеңешинде «Өнүгүү-Прогресс» партиясы тогуз мандат алып, жеңишке жетишти.

Анын артынан сегиз мандатты президентчил КСДП алды. Жалпысынан шаардык кеңеште 31 депутаттык орун бар.

Жалал-Абад шаардык кеңешин шайлоо депутаттар көпчүлүк коалиция менен оппозициянын ортосундагы пикир келишпестиктен улам тарап кетишкенин жарыялашкан соң өткөн.

2016-жылдын 11-декабрындагы шайлоодон кийинки фракциялардын бирикмесине президентчил КСДП кирбей калган. Социал-демократтар  партиялардын бирин азгырып кетип, көпчүлүк коалицияны ыдыратып жиберишкен.

КСДП кошулган жаңы коалиция түзүлгөндөн кийин эки оппозициячыл партия шаардык кеңештин жыйындарына келбей коюшкан. Шаардык кеңеш төраганы шайлай албай, шаардык бюджетти беките албай койгон.

Натыйжада шайлоодон төрт айдан кийин депутаттар тарап кетишкенин жарыялашкан.

28-майдагы шайлоодо сегиз шаардык кеңеш кошулган дагы 40 калктуу конуштун тургундары добуш беришти.

Сегиз шаардык кеңештен президентчил КСДП бешөөндө жеңишке жетишти. Калган үчөөндө «Мекеним Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» партиялары биринчи орун алышты.


ТЕМА БОЮНЧА: