Москвадагы катуу шамал: 16 киши мерт болду

Москвадагы катуу шамалдын айынан мерт болгондордун саны 16 кишиге жетти. 100дөн ашуун адам жабыркап ооруканада жатат.

Москванын саламаттык сактоо департаменти катуу шамалдын айынан мерт болгондордун саны 16 кишиге жеткенин кабарлады. Аларды инженердик түзүлүштөр жана бактар басып калып көз жумган. Жан бергендердин арасында 11 жаштагы кыз бар.

150дөн ашуун киши ооруканага жаткырылып, жабыркаган 108 адам эмгиче ооруканадан чыга элек.

Москванын жетекчилиги жабыркаган ар бир адамга миллион рублдан компенсация төлөп берүүгө убада берди.

Москвада 2017-жылдын 29-майында катуу шамал болду. Ал миңдеген бактарды түбү менен жулуп, электр зымдарын үзүп, чатырларды учуруп, эки миңден ашуун автоунаага зыян тийгизди. Абанын ылдамдыгы секундасына 28-30 метрге жетти.

Башкалаанын өзүнөн тышкары Подмосковьедеги райондор — 102 калктуу конуш да жабыркап, 18 миң киши бир нече саатка электр жарыгы жок калды.

Бул шамал Москвада акыркы 19 жыл ичинде эң көп адам өмүрүн кыйган шамал болуп калды. 1998-жлы шамалдын айынан тогуз киши мерт болгон.

Сүрөт: alinanazarkina/instagram.com


ТЕМА БОЮНЧА: