Конфедерация кубогу: Германия Мексиканы утуп финалга чыкты

Учурдагы футбол боюнча дүйнө чемпиону Германия КОНКАКАФ кубогунун ээси аталган Мексиканы 4:1 эсебинде жеңип, турнирдин финалына чыкты, финалдык беттешүүдө ал Чилинин курамасы менен ойнойт.

Экинчи жарым финалдык оюнда Б тобунун жеңүүчүсү Германия А тобунда экинчи тепкичте турган Мексика менен беттешти. Дүйнө чемпиону мексикалыктарга утууга эч мүмкүнчүлүк бербей финалдык турнирден орун камсыз кыла алышты.

Оюндун алтынчы мүнөтүндө эсепти Германиянын жарым коргоочусу Леон Горецка ачты. Эки мүттөн соң ал дагы бир гол киргизди.  

Үчүнчү гол оюндун экинчи жарымында аткарылды. Аны чабуулчу Тимо Вернер ишке ашырды.

Эсеп эми өзгөрүлбөйт дегени менен, 89-мүнөттө Мексиканын жарым коргоочусу Марко Фабиан тарапташына бир гол эсебинде сокку урганга жетишти, андан кийинки мүнөттөрдө немецтер төртүнчү голду киргизишип беттешүүнү жыйынтыкташты.

Финалда немецтер турнирдин алтыны үчүн Түштүк Американын Чили курамасы менен ат салышат. Биринчи жарым финалда Чилинин командасы Европанын чемпиондору португалиялыктарды пенальти сериясында жеңип чыгышкан.

Йоахим Левдин командасы коло медалга ээ болуусу айдан ачык, бул деген 13-жыл катары менен Германиянын курамасы эл аралык турнирлерде үчүнчү тепкичтен ылдый түшпөй келатат дегенди билдирет.

Буга чейин Германия менен Чили тайпалык баскычтарда беттешишкен. Анда оюндун эсеби тең болуп калган. Ошондой эле тайпалык баскычта Мексика менен Португалиянын ат салышуусу 2:2 эсебинде жыйынтыкталган.

Турнирдин чечүүчү матчы 2-июлда Санкт-Петербургда өтөт. Ушул эле күнү Москвада Португалия менен Мексика турнирдин колосун алуу үчүн жолугушат.

Сүрөт: Matthias Hangst/Getty Images

Которгон: Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: