«Ата мекендин» юристтери Атамбаевди кемсинтти деп табылды

«Ата мекен» оппозициялык партиясынын юристтери январь айында кулаган учактагы жүктөр президентке караштуу деген билдирүүлөрү үчүн Алмазбек Атамбаевге 10 млн сом төлөп бериши керек. Өз кезегинде «Заноза» онлайн-басылмасы дагы аны жазып чыккандыгы үчүн үч миллион сом төлөп бериши зарыл.

Бишкектин Октябрь райондук соту «Ата мекен» партиясынын юристтерин президент Алмазбек Атамбаев тууралуу «жалган маалымат тараткандыгы» үчүн күнөөлүү деп тапты.

Үстүбүздөгү жылдын март айындагы маалымат жыйынында юристтер Таалайкүл Токтакунова менен Канатбек Азиз Бишкекке жакын жерге 16-январда кулаган учактагы жүк президенттин үй-бүлөсүнө таандык экенин билдиришкен.

Прокурор Руслан Абдырахман Азиз жана Токтакунова «чыныгы тастыкталбаган» документке таянып «далилсиз күнөөлөшкөн» деп ишенет.

«Эгерде алар айтылган сөздөрүн далилдеп беришкенде, биздин аларга дооматыбыз болмок эмес. Бирок алар реалдуу далил келтирбей туруп, президенттин атын жаман аттуу кылган маалымат жайылтып, көптөгөн ЖМКларды адаштырышкан», — деди ал.  

Юристтер аларга коюлуп жаткан күнөөгө макул эмес. Алар маалыматты оппозиционер Текебаевдин атынан беришкенин жана Текебаев алардын ордуна жооп берүүгө даяр экенин айтууда.

Мындан тышкары, алар лингвистикалык экспертиза өткөрүүнү сунуш кылышты. Анткени алар адамдын оюн чагылдырышкан жана ал үчүн жаза тартпашы керек.

«Башкы прокуратуранын "так" же "так эмес" сүйлөп жатканыбызды аныктай тургандай ыйгарым укугу жок. Биз божомолдуу түрдө сүйлөп же сүйлөбөгөнүбүздү лингвистикалык экспертиза аныкташы керек», — деп билдиришти юристтер.  

Сот бир нече ирет «Ата мекендин» юристтеринин суранычын четке какты, анын ичинде линвистика боюнча экспертин чакыруу бар. Азиз менен Токтакунова соттук жыйынга катышпоону чечишти.

«Занозага» апта ичинде төртүнчү өкүм чыкты

«Ата мекендин» юристтеринен тышкары бул иш боюнча «Заноза» онлайн-басылмасына дагы өкүм чыкты. «Заноза» маалымат порталы «Ата мекен» партиясынын юристеринин март айындагы өткөргөн маалымат жыйынын жазып чыккандыгы үчүн Атамбаевге үч миллион сом төлөп берүүгө тийиш.   

«Занозанын» түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айыптын оюнча, маалымат порталы болгону юристтердин сөзүн чыгарып, президенттин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүнү көздөшкөн эмес.   

«Биздин кабарчы барып, көргөн билгенин жазган. Баш сөздө болгону сегиз сөз бар, мен ал үч миллион сом турат деп ойлобойм. Ошол эле күнү, президенттик аппараттан андай эместигин билдиришкенде — биз кайра төгүндөп чыгарганбыз. Мен бизде эмне күнөө экенин түшүнбөй турам», — деди Айып.  

Бул соңку жумадагы «Занозага» каршы чыккан төртүнчү өкүм жана маалымат каражатынын түзүүчүлөрү бул жагдайды президенттик шайлоо алдында аларды жаап салуу аракети деп эсептешет.

Биринчи үч доо арыз «Заноза» Атамбаев тууралуу башка саясатчылар менен укук коргоочулардын сөзүнөн алынып жазган макалага байланыштуу.  

Жалпы жонунан «Заноза» бүгүнкү күнгө чейин президенттин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргени үчүн 21 миллион сом төлөп бериши керек болгон.

Эл аралык «Фридом Хаус» жана «Хьюман Райтс Вотч» уюмдары президенттин арыздарын «саясий мүнөзгө» ээ деп, аларды Атамбаевди кайтарып алууга үндөшкөн.

Президент тарабынан журналисттерге каршы берилген беш доо арыздын ичинен башкы прокуратура «Азаттык» үналгысына тийиштүүсүн гана кайтарып алган. Маалымат булагы президенттин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген деп айыпталган болчу.

Анда Атамбаев «Азаттык» акыркы учурда «ачык жана бейтарап» маалыматтарды чыгара баштады деп түшүндүргөн.

Атамбаев «Азаттык» үналгысынын директору Томас Кент менен жолугушкандан кийин, бир жарым айдан соң доо арызды чакыртып алган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: