Атамбаев орус саясатчыларына Ысык-Көлдө дачаларды курууну сунуш кылды

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Орусиянын Федерация кеңешинин төрагасы Валентина Матвиенко менен жолугушууда Орусиянын «салмактуу саясатчыларына» Ысык-Көлдө дачаларды курууну сунуш кылды.

Алмазбек Атамбаев Валентина Матвиенкого Кыргызстанга келгени үчүн ыраазычылык билдирип, орус саясатчыларына Ысык-Көлдө көбүрөөк эс алууга кеңеш берди.

«Мен биздин орусиялык досторубуз, салмактуу саясатчылар жана лидерлер акырындык менен Ысык-Көлдө дачаларды куруп, бат-баттан каттап турушун каалайт элем. Ал жакта укмуштуу кум бар, андай кум эч жакта жок!» — деди Атамбаев.

Президенттин оюнча, Орусиянын Федерация Кеңеши Кыргызстанга «дайыма жардам берип келет».

«Мен биздин кызыкчылыктарыбыз үчүн дайым жан тартып, жардам бергениңизди билем. Терең ыраазычылык билдирем!» — деди ал.  

Бул Атамбаевдин Орусиянын бийлигине Кыргызстанга берген жардамы үчүн биринчи жолу ыраазычылык билдирип жатышы эмес.

«Орусия — биздин стратегиялык өнөктөш. Өлкө четтен-четке урунуп турган, бирок өлкө мындайча айтканда генетикалык салынган бекем багытка түштү. Мен дайыма биздин мекен — Кыргызстан деп айтып келем, бирок түпкү мекенибиз — Энесай, Алтай тоолору. Биз үчүн ал жактар дагы боордош», — деп айткан Атамбаев ШКУнун Бишкектеги саммитинде.

Мындан тышкары, президент бир нече жолу Орусия Кыргызстан үчүн «бир тууган өлкө» жана «түпкү тарыхый мекен» деп билдирген.   

Орусия бийлиги бир канча ирет Кыргызстандын ири карыздарын кечкен.

Орусия 2017-жылдын июнь айында Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын жойгон. Кыргыз өкмөтү Орусияга бул сумманы ушул жылдын март айына карата карыз болуп турган.

«Акчабар» порталынын маалыматына ылайык, соңку он жылда Орусия Кыргызстандын 703,2 миллион доллар карызын кечкен.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: